11-берене. Комиссиянын ишин уюштуруу
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
1. Комиссиянын ишинин негизги формасы жыйналыш болуп саналат.
2. Жыйналыштар жана төраганы шайлоо Комиссиянын регламентине ылайык өткөрүлөт.
3. Эгерде Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, Комиссиянын жыйналышы укук ченемдүү болот.
4. Комиссиянын жыйналышы зарылчылдыгына жараша өткөрүлөт.
5. Комиссиянын чечимдери Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
6. Комиссия Катчылыгынын иш-милдеттери Өкмөт Аппаратына жүктөлөт.
7. Комиссия мүчөлөрү Катчылык тарабынан Комиссиянын кезектеги жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен датасы жана күн тартиби жөнүндө кабарландырылат. Жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча материалдар Комиссия мүчөлөрүнө алар жыйналышта каралганга чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен жиберилет.
8. Комиссиянын чечими боюнча Комиссиянын жыйналышына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун уюмдарынын, илимий мекемелердин өкүлдөрү, эксперттер жана башка адистер каралып жаткан маселелер боюнча маалыматтарды берүү үчүн чакырылышы мүмкүн.
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-11" title="11-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>