Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2021-жылдын 4-мартында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы 1992-жылдын13-мартындагы Салык саясатынын макулдашылган принциптери жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Кирешеге жана мүлккө кош салык салууну болтурбоо боюнча мамилелерди бирдейлештирүү жөнүндө жана макулдашууларды түзүү жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-октябры № 548 2021-жылдын 4-мартында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы 1992-жылдын 13-мартындагы Салык саясатынын макулдашылган принциптери жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Кирешеге жана мүлккө кош салык салууну болтурбоо боюнча мамилелерди бирдейлештирүү жөнүндө жана макулдашууларды түзүү жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 39-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 4-мартында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы 1992-жылдын 13-мартындагы Салык саясатынын макулдашылган принциптери жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол жана 1992-жылдын 15-майындагы Кирешеге жана мүлккө кош салык салууну болтурбоо боюнча мамилелерди бирдейлештирүү жөнүндө жана макулдашууларды түзүү жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн протоколдордун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.