Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2024 года № 95
1. Мергенчилик чарбаларын уюштуруу жана аларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоочу зоналарды белгилөө үчүн жерлерди аныктоо чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун максаты болуп саналат.
2. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзүлөрүнүн, ошондой эле тартылган адистердин жана адистештирилген уюмдардын күчү менен координацияланат жана жүзөгө ашырылат.
3. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мергенчилик чарба иштерин жүзөгө ашыруу (мергенчилик чарбасын уюштуруу) үчүн арналган мергенчилик жерлеринин чек араларын аныктоо;
2) чарба иштеринин айрым түрлөрүн (айыл чарбалык жана башка) белгилүү бир мезгилдерде жүргүзүүгө тыюу салынган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын белгилөө;
3) аңчылык жаныбарларын жана мергенчилик кылуучу жерлерди кайтаруунун жана пайдалануунун белгилүү бир режимин белгилөө;
4) мергенчилик чарбасын жүргүзүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилөө.
4. Аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалын чагылдырган мониторингдердин маалыматтары, картографиянын, илимий изилдөөлөрдүн жана адабий булактардын материалдары чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү үчүн негизги баштапкы материалдар болуп кызмат кылат.
5. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт.
6. Чарбалар аралык мергенчиликти уюштуруунун алдын ала натыйжалары техникалык кеңешмелерде бардык кызыкдар жактардын катышуусунда этап боюнча талкууланат, аларды өткөрүү жөнүндө маалыматтар аларды өткөргөнгө чейин 10 күн мурда аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат.
7. Негиздемени, чек аралардын сүрөттөлүшүн жана карта-схемаларды камтыган долбоорлор:
1) мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруу;
2) аларда айыл чарбалык жана башка иштерге тыюу салуу убактысын көрсөтүү менен жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын жайгаштыруу чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун натыйжасы болуп саналат.
8. Мергенчилик кылуучу жерлердин курамына төмөнкүлөр кирбейт:
1) мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендерологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, микрокоруктардын, геопарктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, зоологиялык корукчалардын (жапайы жаныбарлардын мергенчилик кылуучу түрлөрү боюнча), биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарынын аймактары;
2) калктуу конуштардын аймактары жана шаарчадан 500 м жана райондук борборлордон, шаар тибиндеги шаарчалардан жана шаарлардан 2 км аралыктарда аларга жанаша жайгашкан аймактар;
3) өнөр жайлык, чарбалык, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, аскердик жана башка объекттердин аймактары жана аларга 500 м аралыкта жанаша жайгашкан аймактар;
4) калктын жалпы эс алуучу жайларынын, парктардын, дачалык участоктордун аймактары жана аларга 500 м аралыкта жанаша жайгашкан аймактар.
9. Мергенчилик кылуучу жерлердин участокторунун чек аралары төмөнкүдөй белгиленет:
1) кургак жерде - рельефтин мүнөздүү чекиттери, сызыктары (суу бөлгүчтөр) жана даана көрүнгөн, таанууга мүмкүн болгон башка багыттамалары боюнча белгиленген чек ара узундуктарын бүтүндөй бойлой кеткен жерлерде;
2) дарыяларда (өзөндөрдө) - алардын тең ортосу боюнча же дарыянын башкы айрыгынын ортосу боюнча;
3) көлмөлөрдө - аларга чыгуучу чек араларды бириктирген түз сызык боюнча, же көлмөлөрдүн жээктери боюнча.
10. Мергенчилик кылуучу жерлердин участокторунун чек аралары жана аянттары жапайы жаныбарлардын түрдүк курамын, белгилүү бир популяциялардын өлчөмдөрүн, алардын таралуу ареалын жана миграциялык жолдорун, рельефтин шарттарын, аймакты браконьердиктен кайтарууга алуунун жүзөгө ашырылуучулугун, мергенчилик кылуучу жерлердин бирдиктүү участокторунун аянттарынын белгиленген минималдык өлчөмдөрүн эске алуу менен белгиленет. Мүмкүнчүлүгүнө жараша аймактык администрациялык бирдиктердин чек аралары эске алынат.
11. Мергенчилик кылуучу жерлердин бүтүндөй участокторунун аянттарынын минималдык өлчөмү төмөнкүдөй белгиленет:
1) туяктуу жаныбарлардын жашоосу үчүн жарактуу жерлерде:
а) аркар-кулжа (Ovis ammo№) - 70000 га дан кем эмес;
б) жапайы эчки-теке (Capra sibirica), марал (ак бугу) (Cervus elaphus), жейрен (Gazella subgutturosa) - 20000 га дан кем эмес;
в) доңуз (Sus scrofa) - 20000 га дан кем эмес;
г) элик (Capreolus pygargus) - 10000 га дан кем эмес;
2) териси баалуу жаныбарлардын жана канаттуулардын жашашы үчүн жарактуу жерлерде - 500 га дан кем эмес;
3) жапайы жаныбарлардын аралаш курамы жашашы үчүн жарактуу жерлерде мергенчилик кылуучу жерлердин аянтынын өлчөмү аянты боюнча кыйла көбүрөөк керектөөлөрү менен түрүнө жараша аныкталат.
12. Мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруунун схемасы аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана орчундуу географиялык жана администрациялык өзгөртүүлөрдүн учурларында гана кайра каралат .
13. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо үчүн зоналардын чек аралары жана аянттары, аларда айыл чарба иштеринин айрым түрлөрүнө (айыл чарбалык жана башка) тыюу салуу убактысы жапайы жаныбарлардын санына, табигый жерлеринин жайгашуусуна жана төлдөө убактысына, миграциялануу жолдоруна жана токтомо жерлерине, баштапкы (адаттагы) жашаган жана мезгилдүү топтолуу жерлерине жараша аныкталат.
14. Кыргыз Республикасында жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарынын оптималдуу суммалык аянттары жана аларда чарбалык иштердин айрым түрлөрүн чектөө мезгилдери төмөнкүдөй белгиленет:
1) төлдөө жерлеринде - майда жана июнда, кышкы оттоо жерлеринде майдан тартып сентябрды кошуп алганда жаныбарлардын кышкы топтолуу жерлеринде - күзгү-кышкы-жазгы мезгилде (октябрдан тартып мартты кошуп алганда), орун которуу жолдорунда - октябрда, ноябрда, мартта, апрелде чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө менен 900000 га аркар-кулжа (Ovis ammo№) үчүн жарактуу аймактарда;
2) күз-кыш-жаз мезгилдеринде (сентябрдан тартып майды кошуп алганда) чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө менен 300000 га жапайы эчки-теке (Capra sibirica) үчүн жарактуу аймактарда;
3) куштар жапырт түрдө учуп өтүү мезгилинде чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө менен 300000 га келгин куштар үчүн жарактуу аймактарда;
4) жапайы жаныбарлардын башка түрлөрү үчүн жарактуу аймактарда аянттар жана аларда чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө мезгили - актуалдуу илимий маалыматтарга жараша болот.
15. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарынын схемасы жана аларда чарбалык иштин айрым түрлөрүн (айыл чарбалык жана башка) чектөө режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана мамлекеттик мониторингдин жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында башка маалыматтар алынган учурда гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
16. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарынын жана мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруунун схемалары жөнүндө маалыматтарды аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү аймактардын жер ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдарына чейин жеткирет жана өзүнүн сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырат.
17. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү боюнча колдонмо (усулдук көрсөтмөлөр) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
13.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылуучу жерлердин курамына төмөнкүлөр кирбейт:
1) мамлекеттик кошулду: жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, алынып салынды: корук зоналарынын, мамлекеттик алынып салынды: улуттук жаратылыш алынып салынды: парктарынын экологиялык турукташтыруу зоналарынын кошулду: парктарынын, дендерологиялык жана кошулду: зоологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, микрокоруктардын, геопарктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, зоологиялык корукчалардын (жапайы жаныбарлардын мергенчилик кылуучу түрлөрү боюнча), биосфералык аймактардын алынып салынды: ядролук зоналарынын, зоологиялык коруктардын кошулду: жана/же резерваттардын өзөк зоналарынын аймактары;
2) калктуу конуштардын аймактары жана шаарчадан 500 м жана … чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
кошулду: (КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205263/st-13" title="13-берене - Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>