12-берене. Аңчылык жаныбарларын пайдаланууга берүү
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 марта 2020 года № 29
12-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 12-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Аңчылык жаныбарларын жалпы пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын кандай болбосун жеткиликтүү аймактарында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жаратылыш чөйрөсүнөн алып койбостон, юридикалык жана жеке жактар тарабынан акысыз ишке ашырылат жана кандайдыр бир атайын уруксатты талап кылбайт.
2. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу укугу аңчылыкты пайдалануучуга төмөнкүдөй берилет: лимиттелбеген түрлөрү боюнча - кошумча уруксат документсиз, лимиттелген түрлөрү боюнча - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылыкты пайдалануучуга аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу уруксатын берүү жолу менен.
3. Аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу укугу аңчылыкты пайдалануучунун ошол мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлерге гана жайылтылат.
4. Аңчылык жаныбарларынын лимиттелбеген айырмаланган түрлөрүн жаратылыш чөйрөсүнөн алып коюу (олжолоо) укугу аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аңчыга белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде жаныбарларды олжолоого жолдомо берүү жолу менен өткөрүп берилет. Аңчылык жаныбарларынын лимиттелген айырмаланган түрлөрүн жаратылыш чөйрөсүнөн алып коюу (олжолоо) укугу аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аңчыга берген аңчылык жаныбарларын атайын пайдаланууга уруксаттардын дубликаттарын берүү жолу менен өткөрүп берилет.
5. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу аңчылыкты пайдалануучулардын жана аңчылардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү Кыргыз Республикасында Аңчылыктын эрежелерин сактоосу менен жүзөгө ашырылат.
6. Аңчылык жаныбарларынын лимиттелген түрлөрүн атайын пайдаланууга уруксаттардын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жаныбарлардын лимиттелбеген түрлөрүн олжолоого жолдомолору - аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан белгиленет.
7. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу акы төлөнүүчү негизинде жүзөгө ашырылат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн алынуучу жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу акысы болуп саналат. Жыйым аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн уруксат алып жатканда толук көлөмдө төлөнөт жана кайра кайтарылууга жатпайт.
8. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1) 35 пайызы жаныбардын олжолонгон жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине түшөт;
2) 65 пайызы республикалык бюджетке түшөт жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылык ресурстарына мониторинг, кайтаруу жана көбөйтүү, чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүгө, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу, координациялоочу жана башка функцияларды жүзөгө ашырууга багытталат.
9. (КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябры № 608 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө…Постановление · 17.11.2023 · № 608
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 273 "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 03.06.2019 · № 273
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 555 ""Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.10.2016 · № 555
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 737 "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 27.10.2015 · № 737 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205263/st-12" title="12-берене - Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>