11-берене. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун берүү
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · 3-глава
1. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун алкагында аныкталган мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруунун схемасына жараша аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө келишимдерге ылайык берилет. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө келишим 15 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
2. Белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу юридикалык жактарга сынактык негизде берилет.
3. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун берүү сынагына уюштуруу документтеринде алардын ишинин багыты аңчылык жана мергенчилик чарбасын жүргүзүү чөйрөсү жана алардын жетекчилеринин минимумунун "А" жана "Б" категориялары көрсөтүлгөн мамлекеттик мергенчилик ырастамалары бар экендигин ырастаган юридикалык жактар киргизилет.
4. Белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун берүү сынагын өткөрүү атайын сынактык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Атайын сынактык комиссияны түзүү, анын ишин камсыз кылуу, сынакты уюштуруу жана өткөрүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
5. Атайын сынактык комиссия 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт. Атайын сынактык комиссиянын курамына аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, илимий мекемелердин, аңчылыкты пайдалануучулардын ассоциациясынын жана өкмөттүк эмес экологиялык уюмдардын (ӨЭУ) өкүлдөрү кирет. Сынактык комиссиянын ишине ошондой эле тиешелүүлүгүнө жараша регионунда мергенчилик кылуучу жерлер жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү добуш берүү укугу менен тартылышы мүмкүн. Комиссиянын жеке курамын түзүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат.
6. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сынак өткөрүлгөнгө чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана анын сайтында 7 жумадан кеч эмес жарыяланат.
7. Комиссиянын негизги курамынын 3/2 кем эмес мүчөлөрү болгондо гана сынак өткөрүлөт.
8. Талапкерлерди кароодо сынакка берилген документтердин пакеттеринин сапаты жана мазмуну, талапкерлердин билими жана алардын мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы, мергенчилик чарбасын башкарууга карата мамилеси эске алынат. Натыйжалуу иштөөчү болуп саналган, ошондой эле өзүнүн кызматкерлеринин штатында мергенчилик чарбасын жүргүзүү чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистери бар юридикалык жактар мергенчилик чарба жүргүзүү укугун алууда кошумча артыкчылыктан пайдаланышат. Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан сынактын жеңүүчүсү жана жеңүүчү баш тарткан учурга экинчи жак тандалды; сынактын жеңүүчүсү тандалган жок деген негизделген чечим чыгарылышы мүмкүн.
9. Талапкерлер берген документтерге баа берүү, алардын сүйлөгөн сөздөрүн угуу жана сынактык комиссиянын чечими протоколдоштурулат. Протоколдор аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 15 жыл бою сакталат.
10. Белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилгендиги үчүн аңчылыкты пайдалануучулардан акы алынбайт.
11. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлер тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана ушул мергенчилик кылуучу жерлердин курамына кирген аймактар карамагында же менчигинде турган башка органдарга кабарлайт.
12. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишимде келишимге келип жаткан тараптар жөнүндө, мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу аңчылыкты пайдалануучуга берилген мергенчилик кылуучу жерлер (чек араларынын сыпаттамасын, иштетилүүчү аймактын аянтын кошуп алганда) тууралуу толук маалыматтар, Келишимдин колдонуу мөөнөттөрү, келишимге келип жаткан тараптардын укуктары жана милдеттери, финансылык милдеттенмелери, колтамгалары камтылат.
13. Аңчылыкты пайдалануучу анын шарттарын сактаганда мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишим аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аны колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин бир тараптуу тартипте жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.
14. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишим төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн:
1) мергенчилик жерлери башка мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынганда;
2) аңчылыкты пайдалануучуну мергенчилик чарба иштерин жүргүзүүчү юридикалык жак катары жоюлганда;
3) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча аңчылыкты пайдалануучу Келишимдин шарттарын аткарбаганда (анын ичинде мергенчилик жаныбарларын пайдалангандыгы үчүн төлөмдү өз убагында төлөбөгөндө - белгиленген мөөнөттөрдөн 6 айдан ашык кармаганда же аңчылыкты пайдалануучу тарабынан браконьердик фактыларына эки жолудан ашык жол берилгенде, же Келишим түзүлгөн датадан тартып биринчи жылдын ичинде мергенчилик кылуучу жерлердин иштетилүүчү аймактарын пландаштыруу жана уюштуруу боюнча жумуштар жана иш-чаралар болбогондо жана мергенчилик чарбалык иш-чараларын жүргүзүү пландарын аткарбаганда);
4) юридикалык жак (аңчылыкты пайдалануучу) мергенчилик чарба иштерин жүргүзүүдөн баш тартканда;
5) соттун чечими боюнча.
15. Эгерде болтурбоого болбой турган жагдайлардан (форс-мажордон) улам алар аткарылбай калса, аңчылыкты пайдалануучу Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
16. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишимди бузууда көбөйтүүгө, кайтарууга, ыңгайлаштырууга жана башка иштердин түрлөрүнө жумшалган чыгымдардын орду мергенчиликти пайдалануучуга толтурулуп берилбейт.
17. Сынак өткөрүүнүн жана белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) берүүнүн тартиби, мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишимдин типтүү формасы жана аны түзүүнүн жана жокко чыгаруунун, мергенчилик кылуу жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сынак өткөрүүгө жана Келишимди түзүүгө чыгымдарынын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
18. Аңчылыкты пайдалануучу мергенчилик кылуучу жерлердеги өз иштерин мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу аңчылыкты пайдалануучуга берилген мергенчилик кылуучу жерлердин курамына кирген (жер, суу, токой, айыл чарба, жайыт жана башка) аймактардын башка мүмкүн болгон пайдалануучулары жана менчик ээлери менен бир убакта жүзөгө ашырат.
Эгерде аңчылыкты пайдалануучунун иши мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу аңчылыкты пайдалануучуга берилген мергенчилик жерлердин курамына кирген (жер, суу, токой, айыл чарба, жайыт жана башка) аймактардын башка мүмкүн болгон пайдалануучуларынын жана менчик ээлеринин ишин жокко чыгарбаса жана чектебесе, анда көрсөтүлгөн аймак (жер, суу, токой, айыл чарба, жайыт жана башка) үчүн аңчылыкты пайдалануучудан акы алынбайт. Аңчылыкты пайдалануучу өз ишинде башка ресурстарды (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринен тышкары) аларды тикелей багыты боюнча колдонбогон, башка адамдардын пайдаланышын жокко чыгарбаган жана чектебеген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын колдонгондугу үчүн гана акы төлөйт. Башка пайдалануучулар жана ушул мергенчилик кылуучу жерлер курамына кирген аймактын (жер, суу, токой, айыл чарба, жайыт жана башка) менчик ээлери мергенчилик чарба иштерин жүзөгө ашырууга жана андагы аңчылык ресурстарын тескөөгө укугу жок.
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүүгө конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 08.08.2025 · № 480
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун…Постановление · 08.08.2025 · № 480
- "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз…Положение · 11.08.2016 · № 440 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү…Постановление · 11.08.2016 · № 440 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы №440 токтомуПостановление · 11.08.2016 · № 440
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 173 токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 173
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир…Постановление · 30.03.2018 · № 173 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205263/st-11" title="11-берене - Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>