416-4-статья. Сотко чейинки тездетилген өндүрүш иштери боюнча прокурордун аракеттери
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сотко чейинки тездетилген өндүрүш тартибинде аякталган иш келип түшкөндө прокурор үч сутканын ичинде келип түшкөн ишти текшерүүгө жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алууга милдеттү:
1) сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун бекитүүгө жана ишти сотко жөнөтүүгө;
2) сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун бекитүүдөн баш тартууга жана кылмыш ишин козгоо жана тергөө өндүрүшү жөнүндө маселени чечүү тууралуу көрсөтүү менен иштин материалын тергөөчүгө жөнөтүүгө;
3) ушул Кодекстин 28-статьясында көрсөтүлгөн негиздер болгондо сотко чейинки тездетилген өндүрүш ишин токтотууга;
4) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65, 66-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер болгондо, анча оор эмес кылмыштар боюнча сотко чейинки тездетилген өндүрүштү токтотууга жана материалды аксакалдар сотунун кароосуна жиберүүгө.
(2) Сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколунун прокурор тарабынан бекитилиши кылмыш иши козголгондугун билдирет. (3) Сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун бекиткенден кийин прокурор айыпталуучуга протоколдун көчүрмөсүн тапшырууну камсыз кылат. Эгерде ал ошол тууралуу сунуштама берсе, протоколдун көчүрмөсүн арыз ээсине да тапшырылат.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
416-4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205231/st-416-4" title="416-4-статья - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>