416-5-статья. Тергөө өндүрүшү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Ушул главанын 416-1-статьясында каралган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча тергөө төмөнкүдөй учурларда ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт:
1) сотко чейинки тездетилген өндүрүшкө кылмыш жасаган адамдын макулдугу болбогондо (күнөөсүн моюнуна албаганда);
2) эгерде кылмыштан мүлктүк зыян тарткан жеке же юридикалык жак анын ордун толтуруу жөнүндө талап койсо жана зыяндын орду толтурулбаса;
3) кылмыштардын жыйындысында, алардын жок дегенде бирөө гана оор, өзгөчө оор кылмыш болуп саналганда;
4) кылмыш адамдардын тобу тарабынан жасалганда жана эгерде алардын бирөө гана күнөөсүн мойнуна албаганда же ишти сотко чейинки тездетилген өндүрүш тартибинде кароого макул болбогондо;
5) эгерде кылмыш жашы жете электер, ошондой эле дене бою же психикалык кемчилдиктеринен улам өздөрүн коргоо укугун өзүлөрү жүзөгө ашыра албаган адамдар тарабынан жазалса;
6) эгерде кылмыш катталган учурдан тартып он сутканын ичинде кылмыш жасоонун олуттуу жагдайларын билүүгө мүмкүн болбогондо;
7) эгерде арыз ээси (жабыр тартуучу) сотко чейинки тездетилген өндүрүшкө каршы болгондо;
8) сотко чейинки тездетилген өндүрүш тартибинде аяктаган иш тергөө өндүрүшү үчүн прокурор тарабынан кайтарылып берилгенде.
(2) Тергөө өндүрүшү ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө бүтүүгө тийиш.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
416-5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205231/st-416-5" title="416-5-статья - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>