416-3-статья. Сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн аякташы
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Өндүрүш кылмыш жасаган адамды, анын жактоочусун жана арыз ээсин иштин материалдары менен тааныштыруу жана сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун түзүү менен бүтөт. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: анын түзүлгөн убактысы жана орду, ким тарабынан түзүлгөнү, ага карата протокол түзүлгөн адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты, анын туулган күнү, айы, жылы жана жери; убактысын, жасалган ордун, ошондой эле ушул Кодекстин 82-статьясына ылайык далилдөөгө жаткан башка жагдайларды көрсөтүү менен күнөө коюлган кылмыштын баяндалышы; ушундай кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган жазык мыйзамы (статья, бөлүк, пункт); адамдын өз күнөөсүн мойнуна алуусу; сотко чейинки тездетилген өндүрүшкө макул болуу; сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн материалдары менен таанышууда арыз жана сунуштама. Протоколго бардык материалдар, ошондой эле сотко чакырылууга жаткан адамдардын тизмеси кошо тиркелет.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
416-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205231/st-416-3" title="416-3-статья - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>