Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. ЭЭЗ субъекти катары каттоо
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44
1. Юридикалык жактарды - ЭЭЗ субъекттерин мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) жана ишинин токтотулушун каттоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
2. ЭЭЗ субъектинин статусун алууга ниеттенген юридикалык жак ЭЭЗ башкы дирекциясына ЭЭЗ ишинин шарттары жөнүндө келишим түзүүгө табыштама берет, ал төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арыз берүүчүнүн ЭЭЗ тибине ылайык келген болжолдонгон иши жөнүндө маалыматтарды;
2) арыз берүүчүнүн болжолдонгон иши үчүн зарыл жер участогунун аянты жөнүндө маалыматтарды;
3) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн тартып бир жылдын ичиндеги капиталдык салымдардын көлөмүн кошуп алганда, капиталдык салымдардын болжолдонгон көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды.
3. ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүү табыштамасына арыз берүүчү төмөнкүлөрдү тиркейт:
1) мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
2) салык төлөөчүнүн каттоо формасынын көчүрмөсүн;
3) уюштуруу документтеринин көчүрмөсүн;
4) бизнес-планды.
4. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтер башкы дирекция тарабынан тизмек боюнча кабыл алынат.
5. ЭЭЗ башкы дирекциясы ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтерди кабыл алат жана кабыл алгандан кийин арыз берүүчүгө беш жумушчу күндүн ичинде төмөнкү чечимдердин бирин жөнөтөт:
1) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүү тууралуу;
2) баш тартуунун жүйөөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен, ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу тууралуу.
6. ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүүдөн баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
1) адам тарабынан ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтер берилбегенде;
2) ЭЭЗ аймагында ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүүгө берилген табыштамада көрсөтүлгөн шарттарга жооп бере турган жер участогу болбогондо;
3) арыз берүүчүнүн болжолдонгон иши ЭЭЗ аймагында жүзөгө ашырууга уруксат берилген иштин түрлөрүнө ылайык келбегенде;
4) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүүгө табыштамада көрсөтүлгөн шарттарга бизнес-план ылайык келбегенде.
7. ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗ ишинин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан кийин - соттук тартипте даттанылат.
8. ЭЭЗ субъекттеринин реестрине тиешелүү жазуу киргизилген күндөн тартып юридикалык жак ЭЭЗ субъекти деп таанылат.
9. ЭЭЗ башкы дирекциясы ЭЭЗ ишти жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде юридикалык жакты эсептик каттоо тууралуу ЭЭЗ субъекттеринин реестрине киргизет жана ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жактын эсептик катталуусун ырастаган күбөлүк берет.
10. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып чектеринде ЭЭЗ жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында биринчи жолу катталган юридикалык жак регионду тез өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ субъекти боло алат.
11. ЭЭЗ башкы дирекциясы юридикалык жактарды каттоону (кайра каттоону) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, салык, бажы органдарына, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына жана Кыргыз Республикасынын банктык көзөмөл органына эсептик каттоо күнүнөн кийин он жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактын ЭЭЗ субъекти катары эсептик катталуусу жөнүндө маалыматтарды билдирет.
12. ЭЭЗ башкы дирекциясы жалпы таанышуу үчүн, анын ичинде ЭЭЗ башкы дирекциясынын сайтына реестрди милдеттүү жайгаштыруу менен, ЭЭЗ субъекттеринин реестрине ачык жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
13. ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Евразия экономикалык бирлигинин органдарына ЭЭЗ субъекттеринин реестрине киргизилген ЭЭЗ субъекттери жөнүндө маалыматтарды Бажы бирлиги органы тарабынан аныкталган тартипте берет.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы № 176 , 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 октября 2017 года № 176 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 2014 года № 177 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
28.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каттоону) жана ишинин токтотулушун каттоону Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө … Бажы бирлиги органы тарабынан аныкталган тартипте берет.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы алынып салынды: N кошулду: № 176 , 2019-жылдын 8-июлундагы алынып салынды: N 83 кошулду: № 83, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 627 ""Баткен" эркин экономикалык зонасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 04.11.2014 · № 627 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205226/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>