10-берене. ЭЭЗ башкы дирекциясынын компетенциясы
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 августа 2025 года № 197
ЭЭЗ башкы дирекциясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ЭЭЗ субъекттери катары юридикалык жактарды эсептик каттоону жүзөгө ашыруу жана ЭЭЗ субъекттеринин реестрин жүргүзүү;
2) ЭЭЗ субъектинин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча ЭЭЗ субъектинин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
3) ЭЭЗ ишинин маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө ЭЭЗ субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоо;
4) ЭЭЗ инвестициялык жана ишкердик ишин жүргүзүүнүн шарттарын чагылдыруу жана чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду тартуу максаттарында Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары жарнамалык, маалыматтык иштерди жүзөгө ашыруу;
5) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишимдерди түзүү жана/же узартуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
7) ЭЭЗ субъекттери катары ЭЭЗ субъекттеринен алардын иши жөнүндө маалыматтарды алуу;
8) ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ЭЭЗ башкы дирекциясына ыкчам башкарууга берилген мүлктү тескөө;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ЭЭЗ азыркы чек араларын өзгөртүү сунушу менен кайрылуу;
11) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(КР 2024-жылдын 31-декабрындагы № 211, 2025-жылдын 12-августундагы № 197 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205226/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>