Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 16-октябры № 176 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 14-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 8-бөлүгүндө "ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды" деген сөздөр "чет өлкөлүк товарларды жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-берененин 6-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 11-беренеде:
а) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗ ишинин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан кийин - соттук тартипте даттанылат.";
б) 13-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 12-берененин 10-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 14-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 12-бөлүгүндө "товарларды бажылык декларациялоо" деген сөздөр "товарларды бажы жол-жоболорунун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.