Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Фонддун кызмат адамдарына коюлуучу талаптар
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2021 года № 88
1. Фонддун кызмат адамы болуп төмөнкү адамдар дайындалышы (шайланышы) мүмкүн:
1) жогорку билими жана баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун тиешелүү квалификациялык күбөлүгү барлар;
2) финансы рыногунда ушул беренеде белгиленген иш стажы барлар;
3) башкаруучу компаниянын, фондцун депозитарийинин жана аудиторунун аффилирленген адамдарына кирбеген, ошондой фонддун мүлкүн баалоону жүргүзүү келишими түзүлгөн адамдар;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тындырылбаган же алып салынбаган кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу жоктор;
5) фонддун кызмат адамы болуп дайындалууга (шайланууга) документтерди берген учурда бир жылдын ичинде финансы рыногундагы ишине байланыштуу укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбагандар.
2. Жекече аткаруу органынын функциясын жүзөгө ашырган же бул уюмдар мажбурлап жоюлган, банкрот деп таанылган же бул уюмдар укук бузууларды жасап, ал үчун алардын тиешелүү иштердин түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензиясы жокко чыгарылган учурда, эгерде мындай жокко чыгаруу учурунан тартып эки жылдан аз убакыт өтсө, башкаруучу компаниянын коллегиялуу аткаруу органынын, депозитарийдин, акционердик инвестициялык фонддун, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, кредиттик уюмдун, камсыздандыруу уюмунун же топтолмо пенсиялык фондунун курамына кирген адам фонддун кызмат адамы болуп дайындалышы (шайланышы) мүмкүн эмес.
3. Фонддун капиталынын 10 жана андан ашык пайызына ээлик кылган уюштуруучулар фонддун аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалышы (шайланышы) мүмкүн эмес. Фонддун Директорлор кеңешиндеги уюштуруучунун өкүлү жана фонддун текшерүү комиссиясынын мүчөсү фонддун жетекчиси жана аткаруу органынын мүчөсү боло алышпайт.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган талапка ылайык келүү үчүн төмөнкүдөй иш стажы болушу керек:
1) фонддун аткаруу органынын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин кызмат орундарына талапкерлер үчүн - финансы рыногунда үч жылдан кем эмес;
2) фонддун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлер үчүн - финансы рыногунда эки жылдан кем эмес.
5. Фонддун директорлор кеңешинин төрагасынын жана Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлер үчүн финансы рыногунда иш стажынын болушу талап кылынбайт.
6. Башкы бухгалтердин кызмат ордуна талапкер тиешелүү сертификаттар менен ырасталган бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттордун эл аралык стандарттарынын билимине ээ болушу керек.
7. Ушул Мыйзамда аныкталган иш стажына чарбалык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан иштер кирбейт.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101, 2021-жылдын 28-июлундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>