6-берене. Фондду, фонддун филиалын (өкүлчүлүгүн) кайра уюштуруу жана жоюу
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Фондду кайра уюштуруу, ошондой эле фондду, фонддун филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүзүнө ашырылат.
2. Фонд жоюлганда мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары пенсиялык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу, сатып алуу суммаларын төлөө, аманатчынын же катышуучунун тандоосу боюнча башка фонддорго, ал эми мындай тандоо болбогондо - пенсиялык эрежелерде көрсөтүлгөн фондго (фонддорго) сатып алуу суммаларын которуу үчүн пайдаланылат.
3. Фонд жоюлганда милдеттүү пенсиялык камсыздыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте Соцфондго толук көлөмдө өткөрүп берилет. Соцфонд алынган каражаттар боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жөнгө салуучу мыйзамдардын алкактарында пенсиялык топтомдордун каражаттарынын өткөрүп берилген көлөмүнүн чектеринде милдеттенмелерди алат.
4. Фонд жоюлганда милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын эсебинен аманатчылардын жана катышуучулардын талаптарын канааттандырууга жана мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын эсебинен камсыздандырылган адамдардын талаптарын канааттандырууга жол берилбейт.
5. Фонддун менчиги болуп саналган жана анын уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган мүлктөрдү сатуудан түшкөн каражаттар, пенсиялык топтомдордун каражаттары жана башка баардык насыялар жетишсиз болгондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кезектүүлүккө ылайык бирдей үлүштө аманатчылардын, катышуучулардын, камсыздандырылган адамдардын талаптарын канааттандырууга жумшалат.
6. Фонддо калган акча каражаттары, анын мүлктөрүн сатып бүткөрүүдөн түшкөн акчаларды кошуп алганда, бардык милдеттенмелер аткарылгандан кийин фонддун уставында көрсөтүлгөн максаттарга жумшалат.
7. Каттоочу орган тиешелүү чечим кабыл алган учурдан тартып фондду жоюу бүттү, ал эми фонд өз ишин токтотту деп эсептелет.
8. Пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө колдонуудагы келишимдер жана (же) ачылган пенсиялык эсептер болбогон учурда гана фонддун акционерлеринин жалпы чогулушу фондду ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
9 Аманатчыларды, катышуучуларды жана камсыздандырылган адамдарды маалымдоо максатында кайра уюштурулган фонд, ошондой эле жоюу процессинде турган фонд, же болбосо фонддун филиалы (өкүлчүлүгү) мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки басма сөздө тиешелүү маалыматтарды жарыялоого милдеттүү. (КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана (же) ачылган пенсиялык эсептер болбогон учурда гана фонддун кошулду: акционерлеринин жалпы чогулушу фондду ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга … эки басма сөздө тиешелүү маалыматтарды жарыялоого милдеттүү. кошулду: (КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>