Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 28-июлу № 88 Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 18-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
2-берене. "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 22-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
3-берене. "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 31-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
2) 23-беренеде "администрациялык жана жазык жоопкерчилигин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене. "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
2) 37-берененин 5-бөлүгүндөгү "администрациялык жана башка жоопкерчиликтерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене. "Туракжайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1044-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "23-берене. Жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.".
6-берене
6-берене. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 30-июлундагы № 83 (3262) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 16-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөЗакон · 11.12.2013 · № 216
- Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 189
- Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 31
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 209
- Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 188
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөЗакон · 11.12.2013 · № 216
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 209
- Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 188
- Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 189
- Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 31
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126