Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Фондду, фонддун филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) түзүү
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Фонд акционердик коом формасында түзүлөт.
2. Уюштуруу жолу менен фондду түзүү "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
3. Фонд, анын филиалы (өкүлчүлүгү) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын резиденттери - юридикалык жана жеке жактары фонддун уюштуруучулары жана (же) акционерлери боло алышат.
5. Уюштуруу жолу менен фондду түзүүдө жайгаштырылган анын акциялары тиешелүү лицензияны алууга арызды бергенге чейин уюштуруучулар тарабынан толук төлөнүүгө тийиш. Фонд жөнөкөй энчилүү акцияларды гана чыгарууга укуктуу. Фонддун векселдер менен операцияларды жүзөгө ашырууга жана зайымдарды берүүгө укугу жок. Фондго коюлган акча талаптарын чегерүү жолу менен фонддун акцияларын төлөөгө жол берилбейт. Фонд тарабынан баалуу кагаздарды жайгаштыруу "Акционердик коомдор жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Фонддун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу үчүн төмөнкүлөр милдеттүү шарттар болуп саналат:
1) акыркы аяктаган финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун ишинин чыгашалуу эместиги;
2) фонддун филиалын (өкүлчүлүктөрүн) ачуу тууралуу чечимди кабыл алуу алдындагы үч ай ичинде фонд тарабынан пруденциялык ченемдердин сакталышы.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>