37-берене. Фондго карата колдонулуучу таасир этүү чаралары
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 8-глава
1. Пруденциялык ченемдер жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын сактоого милдеттүү башка ченемдери жана талаптары бузулгандыгы табылган, фонддун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин укукка жат аракеттери же аракетсиздиктери ашкереленген учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фондго жана (же) фонддун кызмат адамдарына карата ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат:
1) ашкереленген кемчиликтерди белгиленген мөөнөттөрдө четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндө жазма буйруктар;
2) уюштуруучулардын алдында фонддун кызмат адамдарын ээлеген кызмат орундарынан четтетүү маселесин демилгелөө;
3) милдеттенме-катты талап кылуу;
4) лицензияларды токтото туруу.
2. Фонддун милдеттенме-каты кемчиликтердин орун алгандыгын моюнга алуу фактысын жана пландаштырылган иш-чаралардын тизмегин көрсөтүү менен белгилүү бир так мөөнөттөрдө аларды жоюу боюнча жана (же) мындай бузууларга мындан ары жол берилбестигине фонддун жетекчилигинин кепилдигин камтуусу тийиш.
3. Милдеттенме-катты жана (же) ошол документте көрсөтүлген мөөнөттө жазуу жүзүндөгү келишимди аткаргандыгы тууралуу фонд тарабынан кабарлоонун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
4. Таасир этүү чараларын жана санкцияларды колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
5. Фонд жана (же) фонддун кызмат адамдары топтолмо пенсиялык фонддорунун иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда аларга мурда таасир этүү чаралары колдонулгандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2021-жылдын 28-июлундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Топтомо пенсиялык фонддор үчүн пруденциалык ченемдиктерди эсептөө методикасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын “13”- ноябрындагы № 648 токтомунун 1- тиркемеси)Методика · 13.11.2014 · № 648 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-37" title="37-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>