21-берене. Фонддордун түрлөрү
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Фонддор төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
1) ачык;
2) корпоративдик:
3) кесиптик.
2. Ачык пенсиялык фонд - топтолмо пенсиялык фонд, иштеген жерине жана ишинин мүнөзүнө карабастан, кандай болбосун жеке жактар анын катышуучусу боло алат.
3. Корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддор алуучулар - ошол топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу жана акционерлери болуп саналышкан бир же бир нече юридикалык жактардын кызматкерлери үчүн түзүлөт.
4. Кесиптик пенсиялык фонд - топтолмо пенсиялык фонд, анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) юридикалык жактардын - жумуш берүүчүлөрдүн, жеке жактардын бирикмеси, анын ичинде кесиптик бирликтердин бирикмеси боло алышат. Фонддун уставында аныкталгандай, алардын кесиптик ишинин (жумушунун) түрү боюнча байланышкан жеке жак гана андай фонддун катышуучулары боло алат.
5. Корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>