Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Топтолмо пенсиялык фонду
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Топтолмо пенсиялык фонду (мындан ары - фонд) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизинде пенсиялык төгүмдөрдү тартуу жана пенсиялык төлөмдөр боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак:
мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу келишимдерине ылайык фонддун катышуучуларын мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча; милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү топтолмолук пенсиялык камсыздандыруу боюнча тутумга катышуучу катары. корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимдерине ылайык фонддун катышуучуларын корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча; кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерге ылайык фонддун катышуучуларын кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча.
2. Фонддун катышуучуларын мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча фонддун иши ыктыярдуу башталыштарда жүзөгө ашырылат жана пенсиялык төгүмдөрдү топтоону, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтоолдордун каражаттарын инвестициялоону, фонддун пенсиялык милдеттенмелерин эсепке алууну, фонддун катышуучуларына мамлекеттик эмес пенсияларды дайындоону жана төлөп берүүнү өзүнө камтыйт.
Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруучу катары фонддун иши пенсиялык топтомдордун каражаттарын топтоону, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтолмолордун каражаттарын инвестициялоону уюштурууну, камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтомдорунун каражаттарын эсепке алууну, камсыздандырылган адамдарга пенсиянын топтолмо бөлүгүн дайындоону жана төлөп берүүнү өзүнө камтыйт.
3. Фонддор милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгына карабастан, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашырат.
4. Уюштуруучулар өздөрү түзгөн фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми фонд өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
Фонд мүлктөрдү фонддун уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат.
5. Аманатчылар, катышуучулар, камсыздандырылган адамдар, ошондой эле мамлекет фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ага тете фонд анын аманатчыларынын, катышуучуларынын, камсыздандырылган адамдарынын жана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пенсиялык фонду
1. Топтолмо пенсиялык фонду (мындан ары - фонд) - алынып салынды: социалдык максаттарды көздөгөн жана ишин лицензиянын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошулду: лицензиянын негизинде пенсиялык төгүмдөрдү тартуу жана пенсиялык төлөмдөр боюнча ишти жүзөгө ашыруучу алынып салынды: коммерциялык эмес уюм:
кошулду: юридикалык жак:
мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу келишимдерине ылайык фонддун … пенсиялык камсыздандыруу боюнча тутумга катышуучу катары.
кошулду: корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимдерине ылайык фонддун катышуучуларын корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча;
кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерге ылайык фонддун катышуучуларын кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча.
2. Фонддун катышуучуларын мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу кошулду: боюнча, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча фонддун иши ыктыярдуу башталыштарда жүзөгө ашырылат жана … адамдарынын жана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
кошулду: (КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>