3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
актуарий - фонддордун ишине актуардык баалоону жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашыруучу жактар үчүн белгиленген талаптарга жооп берүүчү жак; аманатчы - пенсиялык келишимдин тарабы болуп саналган жана фондго пенсиялык төгүмдөрдү төлөөчү жеке же юридикалык жак; сатып алуу суммасы - пенсиялык келишим токтотулганда фонд тарабынан аманатчыга, катышуучуга, камсыздандырылган адамга төлөнүп берилүүчү же болбосо башка фондго которулуучу акча каражаттары; мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу келишими - фонд менен фонддун аманатчысынын (мындан ары - аманатчы) ортосунда фонддун катышуучусунун (катышуучуларынын) (мындан ары - катышуучу) пайдасына түзүлүүчү макулдашуу, ага ылайык аманатчы фондго пенсиялык төгүмдөрдү төлөп берүүгө милдеттенет, ал эми фонд катышуучуга мамлекеттик эмес пенсияны төлөп берүүгө милдеттенет; милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишим - фонд менен камсыздандырылган адамдын ортосунда камсыздандырылган адамдын пайдасына макулдашуу, ага ылайык фонд пенсиялык негиздер келип чыкканда камсыздандырылган адамга пенсиянын топтолмо бөлүгүн дайындоону жана төлөп берүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү; фонддун кызмат адамдары - фонддун негизги багыттарын аныктаган же фонддун ишине катышууга ыйгарым укугу бар адамдар. Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрү, фонддун аткаруу органынын мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, коомдун катчысы жана башкы бухгалтери кызмат адамдары деп таанылат; пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоодон кирешелер - баалуу кагаздар боюнча, ошондой эле банктык депозиттер боюнча дивиденддер жана пайыздар (киреше), пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо боюнча операциялардын кирешелеринин башка түрлөрү; мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча инвестнциялык портфель - фонд тарабынан башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын эсебинен түзүлгөн активдер; милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча инвестициялык портфель - фонд тарабынан башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берилген милдеттүү пенсиялык камсыздыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын эсебинен түзүлгөн активдер; камсыздандырылган адам - милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишим түзгөн жеке жак; пенсиянын топтолмо бөлүгү - камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимге ылайык фонд тарабынан дайындалган жана төлөп берилүүчү ай сайын акчалай төлөм; мамлекеттик эмес пенсия - пенсиялык келишимдин шарттарына ылайык катышуучуга үзгүлтүксүз төлөп берилүүчү акча каражаты; пенсиялык схема - пенсиялык төгүмдөрдү төлөөнүн жана мамлекеттик эмес пенсияларды төлөп берүүнүн тартибин аныктоочу шарттардын жыйындысы; мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдор - фонддун менчигинде турган жана пенсиялык келишимдерге ылайык фонддун катышуучулардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн арналган каражаттардын жыйындысы; милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдор - фонддун менчигинде турган жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерге ылайык фонддун камсыздандырылган адамдардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн арналган каражаттардын жыйындысы; пенсиялык негиз - катышуучунун мамлекеттик эмес пенсияны алуусуна болгон негиз, мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдын пенсиянын топтолмо бөлүгүн алуусуна болгон негиз; пенсиялык төгүм - пенсиялык келишимдин шарттарына ылайык катышуучунун пайдасына аманатчы тарабынан төлөп берилүүчү акча каражаттары; пенсиялык эсеп - аманатчылардын, катышуучулардын же камсыздандырылган адамдардын алдындагы фонддун милдеттенмесин чагылдырган фонддогу талдоо эсебинин формасы; мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун пенсиялык эсеби - пенсиялык төгүмдөрдүн келип түшүшүн, кирешелердин чегерилишин, мамлекеттик эмес пенсияларды төлөп берүүнүн чегерилишин жана катышуучуга сатып алуу суммаларын төлөп берүүнү, ошондой эле пенсиялык келишимди бузууда башка фондго которуу үчүн катышуучуга сатып алуу суммаларынын чегерилишин чагылдырган фонддогу талдоо эсебинин формасы; пенсиянын топтолмо бөлүгүнүн пенсиялык эсеби - пенсиялык топтомдордун каражаттарынын кыймылын, камсыздандырылган адамга пенсиянын топтолмо бөлүгүн чегерүүнү жана төлөп берүүнү, ал эми камсыздандырылган адам ал дайындалганга чейин өлгөн учурда - мураскорлорго төлөнүшүн чагылдырган фонддогу жекече талдоо эсебинин формасы; фонддун эрежеси - пенсиялык келишимдер (фонддун пенсиялык эрежеси), милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишимдер (фонддун камсыздандыруу эрежеси) боюнча фонддун милдеттенмелерди аткарышынын тартибин жана шарттарын аныктоочу документтер; фонддун маалыматтарды бериши - фонддун маалыматтарды адамдардын белгилүү чөйрөсүнүн алышына же аны адамдардын белгилүү чөйрөсүнө берүүгө багытталган аракети; пруденциялык ченемдер - топтолмо пенсиялык фонддун жана пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучу компаниянын каржылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген экономикалык талаптар; фонддун маалыматтарды ачып бериши - анын болушун жана алынышын кепилдеген жол-жоболорго ылайык фонддун иши жөнүндө маалыматтардын адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; фонд жөнүндө маалыматтарды таратуу - мындай маалыматтарды адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнүн алышына же мындай маалыматтарды адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө берүүгө багытталган аракеттер; камсыздандыруучу - камсыздандырылган адамдын пайдасына пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык которууга милдеттүү жеке же юридикалык жак; камсыздандыруу төгүмү - Соцфонд камсыздандырылган адамдын арызы боюнча фондго өткөрүп берүүчү, пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоого милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр; ыйгарым укуктуу орган - топтолмо пенсиялык фонддорунун ишин жөнгө салуу, ошондой эле көрсөтүлгөн ишти көзөмөлгө алуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлик органы; катышуучу - аманатчы менен фонддун ортосунда түзүлгөн пенсиялык келишимге ылайык мамлекеттик эмес пенсия төлөнүүгө тийиш болгон же төлөнүп жаткан жеке жак. Катышуучу өзүнүн пайдасына аманатчы болуп чыга алат; корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу - эмгек келишими же болбосо жамааттык келишим менен аныкталган шарттарда, жумуш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган (мурда турган) жеке жактардын пайдасына жумуш берүүчү менен түзүлгөн пенсиялык келишимдердин негизинде корпоративдик пенсияларды түзүү, дайындоо жана төлөп берүү; корпоративдик пенсия - негизги пенсияга кошумча төлөмдөрдү түзүү аркылуу пенсия курагындагы жарандардын байгерчилик деңгээлин жогорулатуу максатын көздөгөн мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу бөлүгү; кесиптик пенсиялык камсыздандыруу - эмгектин өзгөчө шарттарында жана кесиптик иштин өзүнчө түрлөрүндө (мындан ары - эмгектин өзгөчө шарттары) алектенген кызматкерлер үчүн жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү ыктыярдуу кесиптик пенсиялык төгүмдөрдүн эсебинен келечектеги кесиптик пенсияны түзүү үчүн акча топтолмолорунун жана эмгектин өзгөчө шарттары менен байланышкан пенсияларды төлөп берүү үчүн бул каражаттарды пайдалануунун тутуму; корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтолмолор - фонддун менчигинде турган жана корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө келишимдерге ылайык катышуучулардын алдындагы фонддун милдеттенмелерин аткаруу үчүн арналган каражаттардын жыйындысы; кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтолмолор - фонддун менчигинде турган жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерге ылайык катышуучулардын алдындагы фонддун милдеттенмелерин аткаруу үчүн арналган каражаттардын жыйындысы.
2. Ушул Мыйзамда пайдаланылган Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардагы башка түшүнүктөр жана терминдер мыйзамдардын бул тармагында кандай пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>