Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын (Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.) токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2014-жылы 17-январы № 14/45 Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 28–беренесинин 1–бөлүгүнө, 31–беренесинин 2–бөлүгүнүн 10)–пунктуна негиз, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013–жылдын 16–октябрындагы №192 Мыйзамына ылайык, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Кызыыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) шаардык кеңештин 2013–жылдын 12–январындагы №1/2 токтому менен бекитилген регламентине №1–тиркемеге ылайык толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин. (Тиркеме тиркелет).
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго жана шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы:
А. Маткалыков
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) 2014–жылдын 17–январындагы №14/45 токтомуна №1–тиркеме
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) шаардык кеңештин 2013–жылдын 12–январындагы №1/2 токтому менен менен кабыл алынган регламентине
КИРГИЗИЛҮҮЧҮ ТОЛУКТООЛОР ЖАНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(Регламентке толуктоолор жана өзгөртүүлөр КР 2013–жылдын 16–октябрындагы №192 Мыйзамына негиз киргизилет)
I. РАЗДЕЛ.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.
2. Глава.
Шаардык кеңештин компетенциясы.
2.1. 21) Мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице–мэрлерин, шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого жана кызмат орундарынан четтетүүгө макулдук берүү;
22) Шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.
II. РАЗДЕЛ.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ.
3. Глава.
Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары.
3.4. Шаардык кеңештин төрагасы:
17) Шаардык кеңештин жана анын органдарынын иштерин ачык айкын кылууну жана алардын иштери жөнүндө коомдук пикирди эсепке алууну камсыз кылуу үчүн, депутаттардын иши жөнүндө жумалык атайын теле берүүлөрдү даярдоону жана «ЮТС» ТВ боюнча көрсөтүүнү камсыз кылсын. Шаардык кеңештин сессияларынын өткөрүлүшүн ТВ боюнча толук трансляция кылууну камсыз кылсын.
3.8. «Орун басары» деген сөздөр «орун басарлары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
Биринчи сүйлөм төмөнкүдөй мааниде баяндалсын:
– Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат.
5. Глава.
Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
5.2. «Шаардык кеңеш тарабынан» деген сөздөрдөн кийин, «шаардык кеңештин депутаттык фракцияларынын жана топторун сунушу боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
Экинчи сүйлөмдөгү «Шаардык кеңеш» деген сөздөрдөн кийин, «депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
5.3.
1) Бюджет жана финансы боюнча комиссиясынын курамына 50 пайыздан кем эмес азчылык фракциясынан, же азчылык фракциялар коалициясынан, же азчылык фракциялар арасында макулдашуулар боюнча мүчөлөр кирет;
2) Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын курамына Кызыл–Кыя шаарынын бюджеттик процессинде жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата–энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаштары–сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн депутат бюджет боюнча туруктуу комиссиянын курамына кирбеши керек.
5.6. «Анын өтүнүчү боюнча» деген сөздөрдөн кийин, «аны тиешелүү комиссияга көрсөткөн депутаттык фракциянын же топтун сунушу боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
11. Глава.
Добуш берүүнүн тартиби жана чечимдерди кабыл алуу.
11.2
1–абзац толукталсын: Шаардык кеңештин төрагасынын, шаардын мэринин, вице–мэрлердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуучу кызматтардын жетекчилеринин отчеттору боюнча шаардык кеңештин чечими жабык добуш берүү менен кабыл алынат.
VII. РАЗДЕЛ.
17. Глава.
Шаардын мэрин шайлоонун тартиби.
17.3 «Биринчи жыйналышынын» деген сөздөр «биринчи сессиясынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
17.20. Эгерде:
– шаардын мэрине шаардык кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер–министр 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий түрдө жиберүү менен шаардык кеңештин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу;
– шаардын мэрине шаардык кеңештин депутаттары тарабынан кайрадан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер–министр аны ээлеген кызмат ордунан бошотот.
IV. РАЗДЕЛ.
Шаардык кеңештин депутаты.
14. Глава.
14.7. «Эки» деген сөз «төрт» деген сөзгө алмаштырылсын;
Жыл ичинде шаардык кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз төрттөн ашуун катышпагандыгы, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдерин, тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттары (көпчүлүк добуш менен) депутатты чакыртып алуу жөнүндөгү маселени козгоого укуктуу.
14.7. 1–абзацтан кийин толукталсын:
Депутаттык мандатты токтотуу тийиштүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясый париянын жетекчи органынын чакыртып алуусу менен ишке ашырылат.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы:
А.Маткалыков
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жоопту катчысы:
Р.Абдукаюмов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 16.10.2013 · № 192
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон