12-берене. Мамлекеттик материалдык резерв тутумун каржылоо
Күчүндө · 26.05.2014 редакциясы
1. Мамлекеттик материалдык резерв тутумун күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүү, мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын тейлөө, мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу, брондон чыгаруу жана мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды которуу менен байланышкан чыгашаларды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын карызга алып туруу, убакыттагы айырма менен жаңылоо, алмашуу, брондон чыгаруу жана сатуу тартибинде чыгарганда үстөктөрдүн жана кошуп эсептөөлөрдүн өлчөмдөрү белгиленет, алар ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын жана башка чыгашаларын жабуу үчүн пайдаланылат.
3. Жаңылоо, алмашуу, брондон чыгаруу менен байланышкан же башка негиздер боюнча мамлекеттик резервден чыгарылуучу материалдык баалуулуктарды алуучулар тарабынан төлөнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык пайдаланылат.
Берененин тексти 26.05.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 110-б (Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 28.03.2020 · № 110-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 8-т (Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби жонундо) тескемесиРаспоряжение · 14.01.2022 · № 8-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 418-б (Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.11.2018 · № 418-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/204001/st-12" title="12-берене - Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>