2-берене
Күчүндө · 16.05.2016 редакциясы
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 22-статьянын 5-пунктунда «Жеке камсыздандыруу эсебиндеги» деген сөздөр «Жеке камсыздандыруу эсебинин агартуу бөлүгүндө эсепке алынган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 32-статьянын 1-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1-1. Камсыздандырылган адам каза болгон учурда жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолору Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык мураскорлорго төлөнөт. Ката болгон камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолорунан мураскорлорго пенсиялык төлөмдөрдү берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Каза болгон камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорун алууга укуктуу мураскорлору болбогондо мураскорлук ачылган күндөн тартып бир жыл бүткөндөн кийин ал каражаттар Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунда калат.».
3. 33-статьянын 3-пунктунда «топтоочу пенсиялык фонддор иштеп чыккан жана бекиткен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203996/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>