1-берене
Күчүндө · 16.05.2016 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 99-статьянын 1-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацы «мезгил үчүн» деген сөздөрдөн кийин «, жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; бешинчи абзацы «төртүнчү кезекте» деген сөздөрдөн кийин «милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларын кошпогондо,»деген сөздөр менен толукталсын.
2. 221-статья төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
«милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөө тууралуу талаптарына.».
3. 854-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыймылдуу мүлккө таандык болгон предметтер жана түрдүк белгилери менен аныкталган айрым буюмдар (31-статья), ошондой эле төмөнкүлөрдү кошпогондо, акча ишенимдүү башкаруунун өз алдынча объекти боло албайт:
- акча ишкананын же мүлк комплексинин курамында гана болгондо;
- акча ишенимдүү башкаруу менен байланышкан иштер боюнча эсептешүү катары чыкканда;
- акча пенсиялык топтоо каражаттары катары чыкканда.».
4. 1120-статьянын 2-пунктунун 4-пунктчасы «эмгек жана» деген сөздөрдөн мурда «топтолуучу пенсиялык фонддордон пенсиялык топтоолордун каражаттарына укуктарды кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын.
5. 1166-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5. Мураскорлор тарабынан талап кылынбаган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоолордун каражаттары ээсиз-ээликсиз деп таанылышы мүмкүн эмес. Пенсиялык топтоолордун көрсөтүлгөн каражаттарына «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясында каралган аракеттер колдонулат.».
Берененин тексти 16.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203996/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>