3-берене
Күчүндө · 16.05.2016 редакциясы
«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 981-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга.».
2. 7-берененин 5-бөлүгүндө «Соцфонд тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн башкаруучу компаниялардын өзүнчө эсебине которулат,» деген сөздөр «башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө жатпайт.» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 12-берененин 12-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 24-беренеде «2012-жылдын 31-декабрына» деген сөздөр «2015-жылдын 31-декабрына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 25-берененин 1-бөлүгүндө «2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарынан сырткары» деген сөздөр «2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун кошпогондо» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203996/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>