1-берене
Күчүндө · 30.07.2013 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 12, 524-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын "Коргоо жөнүндө" Мыйзамына" деген сөздөр "коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статьянын 1-пунктунда "Коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 4-5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы болуу менен:
1) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын максаттарын жана милдеттерин аныктайт;
2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге кол коет;
3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына агрессия жасалганда эле түздөн-түз агрессия коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана токтоосуз бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
Берененин тексти 30.07.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндөЗакон · 30.09.1998 · № 125
- Об оборонеЗакон · 13.04.1994 · № 1462-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203983/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>