Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым
Күчүндө · 30.07.2013 редакциясы
укуктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
1) мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны мыйзамдык жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы эл аралык келишимдерди ратификациялайт же денонсациялайт;
3) жалпы же жарым-жартылай мобилизация, аскер абалын, согуш абалын жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат.".
4. 6-статьяда:
1-пунктунда:
- 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) мобилизация жана аскер абалын киргизүү жарыялоо менен колдонулууга киргизилүүгө жаткан, ошондой эле мобилизациялык даярдык маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат;";
- 8-пунктчада "Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларында (келишимдеринде)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктчада "Кыргыз Республикасынын" жана "(макулдашууларын)" деген сөздөр алып салынсын; "келишимдерин" деген сөз "келишимдерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 16-пунктчада "белгилейт" деген сөз "белгилейт, чечим кабыл алат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын:
"20) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатында мамлекеттик бийлик органдарынын макулдашып иштешин жана өз ара аракетгенүүсүн камсыз кылат.".
5. 7-статьяда:
статьянын аталышында "борбордук" деген сөз алып салынсын; 1-пунктунда: биринчи абзацында "1. Аткаруу бийлигинин борбордук органдары" деген сөздөр "Аткаруу бийлигинин органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат;".
6. 8-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат;".
7. 11-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, атайын түзүлүштөрүн, Кыргыз Республикасынын экономикасын жана аймагын уюштуруу жана мобилизациялык даярдыгынын жана мобилизациялоонун тартиби ушул Мыйзамда жана мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларда аныкталат.".
8. 13-статьянын 3-пунктунда "мыйзамдары менен" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 17-статьяда "Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпы аскердик милдеттүүлүгү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде" деген сөздөр "аскердик милдеттерге, аскердик жана альтернативдик кызматтарга тиешелүү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 20-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацында "же биринчи же экинчи топтогу майыптар болуп саналган" деген сөздөр "же I жана II топтогу майыптыгы белгиленген адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 24-статьянын 1-пунктунда ", Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпы аскердик милдеттүүлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына" деген сөздөр "жана аскердик милдеттерге, аскердик жана альтернативдик кызматтарга тиешелүү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 30.07.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203983/st-5" title="5-статья - "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>