383-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
кызматкерлерин дайындоо жана аларды ЧУИ жиберүү
Чет мамлекеттин жарандыгына ээ болбогон жана кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалууга жатпаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарындагы дипломатиялык, консулдук жана администрациялык мамлекеттик кызмат орундарына тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерин ЧУИ жиберүүдө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, ага караштуу органдагы же Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүгүндөгү кызмат ордунан бошотулат жана чет өлкөдө жайгашкан дипломатиялык кызмат органында кызмат ордуна дайындалат. ЧУИ мөөнөтү аяктаганда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери кеткенге чейин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ага караштуу органда же Кыргыз Республикасынын аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүгүндө ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес кызмат ордуна дайындалат. Тийиштүү бош орун жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери кеткенге чейинки ээлеген кызмат ордунан төмөн кызмат ордуна, бирок бир тепкичтен кем эмес жана кызматкердин өз макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн. Ушул статьянын жоболору Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине жайылтылбайт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
383-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203949/st-383" title="383-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>