384-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
ЧУИ жиберилүүчү кызматкерлеринин эмгек шарттары
ЧУИ жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек шарттары ушул Кодексте белгиленгенден начар болушу мүмкүн эмес.".
3. 385-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 386-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"386-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерин ЧУИ чакырып алуу үчүн кошумча негиздер
Ушул Кодексте жана башка мыйзам актыларында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ЧУИ жиберилген кызматкери ЧУИ төмөнкү учурларда чакыртылышы мүмкүн:
1) барган өлкөдө өзгөчө кырдаал пайда болгондо;
2) кызматкерди "нон грата" персонасы деп жарыялаганда же болбосо барган өлкөдө анын кабыл алынбастыгы тууралуу жергиликтүү компетенттүү бийликтерден кабарлама алганда;
3) кызматкер барган өлкөнүн каада-салттарын жана мыйзамдарын, ошондой эле жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин сактабаганда;
4) кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн барган өлкөнүн мыйзамдарын, жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин, ошондой эле чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын тийиштүү дипломатиялык кызмат органынын аймагында колдонулган жашоо эрежелерин сактабаганда;
5) эмгек милдеттерин, ошондой эле кызматкер тааныштырылган режимдик талаптарды бир жолу одоно бузганда;
6) 2 айдан узак созулган убактылуу эмгекке жарамсыздыкта же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилген оорулардын тизмесине ылайык, чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган оорусу болгондо.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздердин бири боюнча ЧУИ чакыртып алууда, ЧУИ кеткенге чейин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ага караштуу органда же Кыргыз Республикасынын аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүктөрүндө кызмат ордун ээлебеген кызматкерлерди иштен бошотуу ушул Кодекстин 79-статьясынын 2-пункту боюнча жүргүзүлөт.".
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
384-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203949/st-384" title="384-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>