Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 188-статьяда:
статьянын аталышында "Кызматтык" деген сөздөн кийин "жана чет өлкөгө узак" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Чет өлкөгө узак иш сапар (мындан ары - ЧУИ) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттердеги же чет өлкөдө жайгашкан эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органына же мамлекеттик органдардын өкүлчүлүгүнө иштөөгө мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди иш сапарга жиберүү.".
2. 382-384-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"382-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек мамилелерин жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Кодекске, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары дипломатиялык кызмат органдарына жана алардын кызматкерлерине ал атайын мыйзам менен жөнгө салынбаган өлчөмдө гана жайылтылат.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203949/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>