20-берене. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу
Күчүндө · 01.06.2026 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдарын ыйгаруу жана андан ажыратуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчыларына Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууга катышуусунун натыйжалуулугун эске алуу менен дипломатиялык кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес стажы болгондо Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчинин жана Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчинин дипломатиялык рангдары ыйгарылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдарын ыйгаруунун жана ажыратуунун тартиби Президент тарабынан аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунуштамасынын жана Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын негизинде дипломатиялык рангдар Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, анын ичинде ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган мөөнөтүнөн мурда же кезексиз тартипте ыйгарылышы мүмкүн.
3. Башка дипломатиялык рангдар ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдарын кошпогондо, дипломатиялык рангдарды ыйгаруунун жана ажыратуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу тийиштүү күбөлүктөрдү берүү жана кызматтык тизмеге (эмгек китепчесине) жазуу менен ырасталат.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы Президент тарабынан бекитилет, башка дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Дипломатиялык рангдар, ажыратуу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамдын 21 жана 27-беренелеринин жоболорун эске алуу менен өмүр бою ыйгарылат. (КР 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203948/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>