21-берене. Дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөттөрү
Күчүндө · 01.06.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 июня 2026 года № 77
1. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери үчүн ар бир дипломатиялык рангда болуу мөөнөттөрү төмөнкүдөн кем эмес мөөнөттөрдү түзөт:
1) атташе үчүн - 1 жылдан;
2) үчүнчү катчы, экинчи катчы үчүн - 2 жылдан;
3) 1 жана 2-класстагы биринчи катчы, 2-класстагы кеңешчи үчүн - 3 жылдан.
1-класстагы кеңешчинин дипломатиялык рангда болуу мөөнөтү белгиленбейт. Кезектеги дипломатиялык рангдар ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөргө ылайык ыйгарылат.
2. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөтүнө төмөнкүлөр кошуп эсептелет:
1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө иштөөсү;
2) чет өлкөлөрдөгү мекемелерде иштөөсү;
3) мурунку СССРдин жана союздук республикалардын Тышкы иштер министрлигинде иштөөсү;
4) ыйгарым укуктуу органдын жиберүүсү боюнча окуу жайларында жана илимий мекемелерде окуусу, стажировкасы жана изилдөө жүргүзүүсү;
5) Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө иштөөсү;
6) 12 айдан көп эмес мөөнөткө өз алдынча өтүүдө окуу жайларында жана илимий мекемелерде окуусу, стажировкасы жана изилдөө жүргүзүүсү;
7) ыйгарым укуктуу органдын жиберүүсү боюнча эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн миссиялардын ишине жана иш-чараларга катышуусу;
8) эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасына бекитилген эл аралык уюмдарда квоталык кызмат орундарында иштөөсү.
(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")Редакцияларды салыштыруу
01.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кеңешчинин дипломатиялык рангда болуу мөөнөтү белгиленбейт.
кошулду: Кезектеги дипломатиялык рангдар ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөргө ылайык ыйгарылат.
2. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген … окуусу, стажировкасы жана изилдөө жүргүзүүсү;
5) Президенттин алынып салынды: Аппаратынын, кошулду: Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин алынып салынды: Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк … квоталык кызмат орундарында иштөөсү.
(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № алынып салынды: 125 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Президентинин 2014-жылдын 17 январындагы ПЖ № 10 "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси…Указ · 17.01.2014 · № 10
- "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо"(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 токтомуна 1-тиркеме)"Положение · 31.12.2013 · № 727
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 23.03.2018 · № 151
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203948/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>