19-берене. Дипломатиялык рангдар жана класстык чендер
Күчүндө · 01.06.2026 редакциясы · 3-глава
1. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине төмөнкүдөй рангдар ыйгарылат:
1) атташе;
2) үчүнчү катчы;
3) экинчи катчы;
4) 2-класстагы биринчи катчы;
5) 1-класстагы биринчи катчы;
6) 2-класстагы кеңешчи;
7) 1-класстагы кеңешчи;
8) Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси;
9) Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарылган 2-класстагы экинчи катчынын жана 1-класстагы экинчи катчынын рангдары экинчи катчынын рангына теңештирилет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине класстык чендер ыйгарылат. Класстык чендерди ыйгаруунун тартиби, ошондой эле ал чендерде жүрүүнүн мөөнөтү "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат.
(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")Редакцияларды салыштыруу
01.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартиби, ошондой эле ал чендерде жүрүүнүн мөөнөтү "Мамлекеттик кошулду: жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат.
(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № алынып салынды: 125 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203948/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>