7-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруудагы укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн каралган материалдык, каржылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
2) мамлекеттик бийлик органдарынан усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамдарды алууга.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;
2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды үнөмдүү тескөөгө, алардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга;
4) мамлекеттик органдарга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө документтерди жана башка маалыматтарды берүүгө;
5) тиешелүү мамлекеттик органга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө отчетту өз убагында берүүгө.
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203935/st-7" title="7-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>