6-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык жана башка ресурстар менен камсыз кылуу
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
1. Мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык же башка ресурстарды, анын ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) караган учурларда гана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө жол берилет.
2. Максаттуу трансферттер (субвенциялар) адистин эмгегине төлөөнү, иш сапар чыгымдарын, квалификация жогорулатууга байланышкан чыгымдарды жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон каржылык чыгымдарды камтыйт.
3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүзөгө ашыруусуна каржы каражаттарынын көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулунун негизинде аныкталат.
4. Берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каржы каражаттары республикалык бюджетте өзүнчө берене менен каралат.
5. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражаттары жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө өзүнчө берене менен чегерилет жана эсепке алынат.
6. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн алынган материалдык жана каржы каражаттарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан максатсыз чыгымдоого тыюу салынат.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүзөгө ашыруусуна каржы каражаттарынын көлөмү Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулунун … башкаруу органы тарабынан максатсыз чыгымдоого тыюу салынат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203935/st-6" title="6-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>