8-берене. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
1. Мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компетенциясы жаатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга;
2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга.
2. Мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн багытталган материалдык, каржылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
3) берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыз кылууга;
4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырууга.
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203935/st-8" title="8-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>