Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын же келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын же келишимдин негизинде өздөрүнө таандык болгон ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүү дегендикти билдирет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коомдук тартипти коргоону камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын кошпогондо, сот бийлиги, прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн, улуттук коопсуздугун, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аскердик милдеттерге тиешелүү мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды камсыз кылууга байланышкан башка мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө тыюу салынат.
3. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболордон тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар, башка ченемдик укуктук актылар жана келишимдер төмөнкүлөрдү кароого тийиш:
1) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы (келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө);
2) (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн мөөнөттөрү;
4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон максаттуу каржылык жана материалдык каражаттардын суммасы;
5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын укуктары жана милдеттери;
6) айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери;
7) (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулу;
9) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же тиешелүү деңгээлде жүзөгө ашырбоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги;
10) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун жана токтото туруунун негиздери жана тартиби;
11) пайдаланылбаган материалдык, каржылык жана башка каражаттарды кайтарып берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
12) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган адистердин укуктары жана милдеттери;
13) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилиги;
14) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка жагдайлар жана шарттар.
4. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга кирет:
5. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 , 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- Кайынды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 21-августундагы № 104/XXXI – 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым…Постановление · 21.08.2019 · № 104/XXXI-1
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 145
- Кайынды шаардык кенешинин 2019-жылдын 21-августундагы № 105/XXXI – 2 "Социалдык маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды…Постановление · 21.08.2019 · № 105/XXXI-2
- Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 9- июнундагы № 16 "Бишкек шаарынын мэриясына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө…Постановление · 02.06.2017 · № 16
- Лебединовка айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 21-октябрындагы № 1 "Лебединовка айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 21.10.2019 · № 1
- Лебединовка айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 21-октябрындагы № 2 "Лебединовка айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 21.10.2019 · № 2
- Кайынды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы №106/XXXII - 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым…Постановление · 24.10.2019 · № 106/XXXII - 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 429 “Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 17.09.2018 · № 429
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 85 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.02.2020 · № 85
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 679 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 13.11.2024 · № 679
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-октябрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 06.10.2015 · № 687 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203935/st-3" title="3-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>