Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн принциптери
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
1. Мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ыйгарым укуктарын берүү төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мыйзамдуулуктун;
2) социалдык-экономикалык негиздүүлүктүн;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун аныктыгынын жана ачык-айкындуулугунун;
4) тараптардын теңчилигинин (келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө);
5) берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын материалдык жана каржылык жактан камсыз болушунун;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша ыйгарым укуктарды дифференциялоонун;
7) ачыктыктын, коллегиялуулуктун;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында отчет берүүчүлүктүн;
9) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктардын шайкештүүлүгүнүн.
2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктарын жана кепилдиктерин бузууга же чектөөгө тийиш эмес.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн жана аныктыгын эске алуу менен аларды натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү коомдоштуктарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында жүргүзүлөт.
4. Берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн тоскоолдук түзүүгө жана тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштуктарынын социалдык-экономикалык абалын начарлатууга тийиш эмес.
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203935/st-2" title="2-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>