21-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо
Күчүндө · 28.05.2025 редакциясы · 4-глава
1. Эгерде турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун, шериктиктин башкармалыгынын, башкармалыктын төрагасынын же текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) чечими ушул Мыйзамга же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, уставга карама-каршы келсе, анда турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кандай болбосун мүчөсү сотко даттанууга укуктуу.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги менен анын мүчөлөрүнүн, ошондой эле турак жай менчик ээлеринин шериктиги менен башка жарандардын же юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилүүгө жатат.
3. Ушул Мыйзамда каралган милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда башкарманын, текшерүү комиссиясынын төрагасы, мүчөлөрү жана турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"Редакцияларды салыштыруу
15.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилүүгө жатат. кошулду: 3. Ушул Мыйзамда каралган милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда башкарманын, текшерүү комиссиясынын төрагасы, мүчөлөрү жана турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203930/st-21" title="21-берене - Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>