20-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин чарбалык иши
Күчүндө · 28.05.2025 редакциясы · 3-глава
1. Уставда каралган максаттарга жетүү үчүн турак жай менчик ээлеринин шериктиги чарбалык иштер менен алектенүүгө укуктуу.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги чарбалык иштердин төмөнкүдөй түрлөрү менен алектене алат:
1) көп батирлүү үйдөгү кыймылсыз мүлктү тейлөө, эксплуатациялоо жана оңдоо;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп батирлүү үйдө кошумча жайларды жана жалпы мүлк объекттерин куруу;
3) ижарага берүү, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн бир бөлүгүн жалдоо;
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде шериктиктин чарбалык ишинен түшкөн киреше жалпы чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланылат же шериктиктин уставында каралган максаттарга чыгымдалуучу атайын фонддорго жөнөтүлөт. Кошумча киреше турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ишинин ушул главада жана шериктиктин уставында каралган башка максаттарына багытталышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203930/st-20" title="20-берене - Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>