22-берене. Жайлардын менчик ээлеринин жалпы чыгашаларга катышуусу
Күчүндө · 28.05.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182
1. Менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчөлүгүнө карабастан, турак жай менчик ээлеринин шериктиги башкарган жалпы мүлктү күтүү боюнча жалпы чыгашаларга өздөрүнүн жалпы мүлктөгү үлүшүнө пропорциялуу түрдө катышууга милдеттүү.
Жалпы мүлктү күтүүгө төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмү коомдун уставында белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктиги тарабынан аныкталат.
2. Тийиштүү төгүмдөрдү жана төлөмдөрдү төгүү ай сайын шериктиктин уставында каралган тартипте жүргүзүлөт.
Турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан жалпы мүлктү пропорциялуу эмес пайдалануу менен байланышкан сарптоолор алар тарабынан өздөрүнүн эсебинен жабылат. Жайларга бекитилген жалпы мүлктү жеке пайдалануу менен байланышкан менчик ээлеринин чыгымдары ошол менчик ээлери тарабынан жабылат. Жалпы мүлктү пайдалануудан алынган кирешелер менчик ээлерине таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы мүлктү натыйжалуу күтүү жана башкаруу максаттарында пайдаланылат.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү же турак жана турак эмес жайдын менчик ээлери төмөнкүдөй учурларда милдеттүү төгүмдөрдү жүргүзбөөгө жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башка чыгашаларын төлөбөөгө укуктуу:
1) эгерде турак жай менчик ээлеринин шериктиги 2026-жылдын 1-январынан тартып накталай эмес жол менен эсептешүүнү жүзөгө ашырбаса;
2) эгерде башкарманын мүчөлөрү өз иштери жөнүндө отчет бербесе жана Турак жай кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шериктиктин финансылык отчетун бербесе;
3) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин атынан башкарманын төрагасынын жеке максаттары үчүн бүтүмдөрдү түзсө;
4) милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнүн Турак жай кодексинин ченемдерине дал келбесе.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөсү же шериктикке кирбеген жайдын менчик ээси ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенден кийин төлөөлөрдү кайра баштоого жана милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттүү. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"Редакцияларды салыштыруу
15.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүлктү натыйжалуу күтүү жана башкаруу максаттарында пайдаланылат. кошулду: 3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү же турак жана турак эмес жайдын менчик ээлери төмөнкүдөй учурларда милдеттүү төгүмдөрдү жүргүзбөөгө жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башка чыгашаларын төлөбөөгө укуктуу: 1) эгерде турак жай менчик ээлеринин шериктиги 2026-жылдын 1-январынан тартып накталай эмес жол менен эсептешүүнү жүзөгө ашырбаса; 2) эгерде башкарманын мүчөлөрү өз иштери жөнүндө отчет бербесе жана Турак жай кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шериктиктин финансылык отчетун бербесе; 3) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин атынан башкарманын төрагасынын жеке максаттары үчүн бүтүмдөрдү түзсө; 4) милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнүн Турак жай кодексинин ченемдерине дал келбесе. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөсү же шериктикке кирбеген жайдын менчик ээси ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенден кийин төлөөлөрдү кайра баштоого жана милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттүү. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203930/st-22" title="22-берене - Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>