53-берене. Турак жайды пайдаланганы жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы · 6-глава
1. Мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун турак жайын пайдаланганы үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү турак жайдын сапатына жана ыңгайлуулугуна, үйдүн жайгашкан жерине жараша белгиленет.
2. Турак жайларды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын жалдоо келишимдери боюнча жалдоочулар үчүн жалпы мүлктү башкаргандыгы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү ээлеген турак жайдын жалпы аянтына (өзүнчө бөлмөлөрдө - ушул бөлмөлөрдүн аянтына жараша) жараша аныкталат.
3. Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн (батир акысынын) өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 758 "Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн (батир акысын төлөөнүн) өлчөмүн аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
4. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.
5. Турак жайды пайдаланганы үчүн төлөнүүчү акынын курамына көп батирлүү үйдөгү жалпы пайдаланылуучу көмөкчү жайларды техникалык жана санитардык-гигиеналык жактан жана үй жанындагы жер участогу үчүн күтүү чыгымдардын акы төлөө суммасы, ошондой эле Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна жиберилүүчү акчалай сумма кирет.
6. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн (суу менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, электр-жылуулук менен камсыздоо, жана башка тейлөө кызмат көрсөтүүлөр) акы төлөө батир акысынан тышкары белгиленген тартипте бекитилген тарифтер боюнча алынат жана жарандарга берилген эсептер боюнча төлөнөт.
7. Жалдоочу батир акысын жана товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны өз убагында төлөөгө милдеттүү.
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 758 "Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн (батир акысын төлөөнүн) өлчөмүн…Постановление · 31.12.2014 · № 758
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-5
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-2
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203926/st-53" title="53-берене - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>