Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
42-берене. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсептен чыгарууга негиздер
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы · 5-глава
1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандар эсептен төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:
1) турак жай шарттарын жакшыртууга укук берүүчү негиздерин жоготкондо;
2) башка калктуу конушка туруктуу жашаган жерине кеткенде;
3) пенсияга чыкканына, мөөнөттүү аскер кызматына чакырылганына байланыштуу бошотулган учурлардан тышкары, жаран эсепте турган уюм менен эмгек келишими токтотулганда;
4) жаран турак жай шарттарын жакшыртуу муктаждыгы жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды бергенде же болбосо эсепке алуу жөнүндө маселени чечүүдө кызмат адамдары тарабынан укук ченемсиз аракеттер жасалганда;
5) беш жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылганда;
6) эсепте турган жери боюнча эсептен чыгаруу жөнүндө арыз бергенде.
2. Жарандар эсепке алуу жөнүндө чечим чыгарууга укугу бар орган тарабынан эсептен чыгарылат.
Кабыл алынган чечим жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.
3. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган жаран башка жерге туруктуу жашаган жерине кетсе же кайтыш болсо, эгерде анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таануу үчүн негиздер жоюлбаса, анын ордуна анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири эсепке коюлат. Мында үй-бүлө мүчөсү, эгерде ал ушул уюмда иштеген учурда гана иштеген жери боюнча эсепке коюлат, ал эми эсепте турган жаран өндүрүштөгү кырсыктын же кесипкөй оорунун натыйжасында кайтыш болгон учурда, үй-бүлө мүчөсү анын иштеген жерине карабастан эсепке алынат.
4. Уюмдарда турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуунун абалын контролдоо кесипкөй бирликтердин тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсепке алуунун абалын контролдоо кесипкөй бирликтердин органдары менен бирдикте аталган органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-5
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-2
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203926/st-42" title="42-берене - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>