33-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу уюм же башкаруучу тарабынан башкарылышы
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182
1. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлери турак жайдын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу тууралуу келишим түзүүгө конкурс жарыялайт.
2. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу башкаруучу уюм же башкаруучу тарабынан келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын жалпы мүлкүн ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүнүн тартиби, формасы жана иштөө шарттары жарандык мыйзамдарда белгиленет.
3. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу келишимин өзгөртүү жана (же) бузуу жарандык мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Көп батирлүү үйдүн жаппы мүлкүн башкаруу бир гана башкаруучу же башкаруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Эгерде көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы чогулушунда башка башкаруучу уюм (башкаруучу) тандалса же жалпы мүлктү башкаруунун башка ыкмасы тандалса, башкаруучу уюм (башкаруучу) жалпы мүлктү башкаруу келишими токтотулганга чейинки отуз күндө көп батирлүү үйгө бардык техникалык документтерди жана ушундай үйдү башкарууга байланышкан башка документтерди тиешелүү өкүлдөрүнө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
6. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Башкаруучу уюм (башкаруучу) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- банктык эсепке мүлктү башкаруу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү кабыл алууга жана накталай эмес формада кирешелерди жана чыгашаларды жүргүзүүгө;
- кирешелер жана чыгашалар боюнча кагаз жана электрондук ташыгычтарда ар бир менчик ээси үчүн жеткиликтүү болгон ачык-айкын бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө;
- квартал сайын же келишимде белгиленген мөөнөттө менчик ээлерине турак жай ээлеринин шериктигинин иши, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет берүүгө;
- сарамжалдуулукту сактоого жана акча каражаттарын үнөмдөөгө.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"Редакцияларды салыштыруу
15.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…документтерди тиешелүү өкүлдөрүнө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
6. алынып салынды: Эгерде көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу келишиминде башкача белгиленбесе, башкаруучу кошулду: (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Башкаруучу уюм (башкаруучу) алынып салынды: жыл кошулду: төмөнкүлөргө милдеттүү:
- банктык эсепке мүлктү башкаруу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү кабыл алууга жана накталай эмес формада кирешелерди жана чыгашаларды жүргүзүүгө;
- кирешелер жана чыгашалар боюнча кагаз жана электрондук ташыгычтарда ар бир менчик ээси үчүн жеткиликтүү болгон ачык-айкын бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө;
- квартал сайын алынып салынды: учурдагы жылдын биринчи кварталынын ичинде көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын кошулду: же келишимде белгиленген мөөнөттө менчик ээлерине алынып салынды: өткөн жылдагы башкаруу тууралуу келишимдин аткарылышы кошулду: турак жай ээлеринин шериктигинин иши, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет алынып салынды: берет.кошулду: берүүгө;
- сарамжалдуулукту сактоого жана акча каражаттарын үнөмдөөгө.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-5
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-2
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203926/st-33" title="33-берене - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>