8-берене. Тамак-аш азыгын маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
азыгынын курамы
1. Тамак-аш азыгынын курамына кирген компоненттер, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, тамак-аш азыгы даярдалган учурдагы салмактык үлүшүнүн азаюу тартибинде көрсөтүлөт. Кошулмалардын курамы тизме боюнча декларацияланат.
2. Тамак-аш азыгынын курамына кирген ингредиенттерди көрсөтүү үчүн ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 4-бөлүгүнө карама каршы келбеген жоболорго ылайык конкреттүү аталыш берилет.
Эгерде жалпы аталышы маалыматтык болуп саналбаса, ушул Мыйзамдын 2-тиркемесинде саналган класстардын аталышын колдонуу зарыл. Даяр тамак-аш азыгында курамдык ингредиенттин массалык үлүшү 2 пайыздан аз болсо, көрсөтүлгөн тизмеде анын ингредиенттерин түзүүчүлөрдү санап өтпөөгө жол берилет.
3. Өтө таасир этүүнү жаратуучу төмөндөгүдөй тамак-аш азыктары жана ингредиенттер милдеттүү декларацияланууга тийиш:
1) курамында клейковина бар дан азыктары, башкача айтканда буудай, кара буудай, арпа, сулу, толук бышкан дан же алардын гибриддик түрлөрү жана алардан жасалган азыктар;
2) рак сымалдар жана алардан жасалган азыктар;
3) балык жана балык азыктары;
4) арахис жана алардан жасалган азыктар;
5) сүт жана сүт азыктары (лактозаны кошо алганда);
6) дарак жаңгагы жана жаңгактан алынган азыктар;
7) 10 мг/кг жана андан жогору концентрацияланган сульфит;
8) аспартам жана аспартам-ацесульфама тузу (курамында фенилаланин бар);
9) соя жана анын кайра иштетилген азыктары;
10) жумуртка жана анын кайра иштетилген азыктары.
Азыктын рецептурасына кирген суу, ал калыбына келтирилген азыктардын курамдык бөлүгү болуп саналган учурларды кошпогондо, ошондой эле рассол, маринад, шире, бульон, тузлук жана башка ингредиенттердин тизмесинде өз аталыштары менен эскертилген ингредиенттер ингредиенттердин тизмесинде көрсөтүлүүгө тийиш.
4. Тамак-аш азыктарынын жана ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн заттардын аллергендик касиеттери жана мындай тамак-аш азыктарын колдонууга байланышкан тескери таасирлер жөнүндөгү маалыматтарды маркалоодо көрсөтүү талап кылынбайт, тамак-аш азыгынын курамы көрсөтүлгөндөн кийин кошумча "фенилаланини булагы бар" деген жазуу жайгаштырылууга тийиш болгон аспартам жана аспартамацесульфама тузу буга кирбейт.
5. Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары же стандартташтырылган терминдер бар белгилүү азыктарды ингредиенттер катары пайдаланууда кабыл алынган аталыштар колдонулат.
6. Тамак-аш азыгын даярдоодо жана колдонулган сырьедо тамак-аш кошумчаларын, биологиялык активдүү кошумчаларды, ароматтарды, иондоштуруп нурландырылган белок компоненттерин кошуу менен салттуу эмес курамдагы тамак-аш азыктарын колдонуу жөнүндө маалыматты милдеттүү түрдө түшүрүү.
7. Генетикалык модификацияланган булактардан алынуучу генетикалык модификацияланган тамак-аш азыктары же генетикалык модификацияланган булактардын компоненттерин камтуучу тамак-аш азыктары жөнүндө сөзсүз маалымат түшүрүү.
8. Генетикалык модификацияланган булактардан алынган же генетикалык модификацияланган булактарды камтуучу тамак-аш азыктары жөнүндө керектөөчү үчүн маалымат төмөнкүдөй жазуулар менен этикеткага түшүрүлөт: "генетикалык модификацияланган... (азыктын аталышы)...", же "... (азыктын аталышы) ... генетикалык модификацияланган булактардын негизинде алынган", же "... (азыктын аталышы)... генетикалык модификацияланган булактардан алынган компоненттерди камтыйт".
9. Тамак-аш азыктарынын курамында тамак-аш азыктарынын кошумчалары бар болгондо (кычкылдаткычтын регулятору, стабилизаторлор, эмульгаторлор, башка технологиялык аталыштар) алардын технологиялык колдонушу көрсөтүлүүсү керек.
10. Тамак-аш кошумчаларын пайдалануу менен тамак-аш азыктарын өндүрүүдө бул азыктарды маркалоодо эл аралык санарип системасынын индекси (INS) же тамак-аш кошумчаларынын аталышы топтук аталыштардан кийин алардын функционалдык шайкештигинен жараша төмөнкүчө көрсөтүлөт:
Е 100 - Е 182 - боегучтар; Е 200 - Е 299 - консерванттар; Е 300 - Е 399 - антикычкылдандыргычтар (антиоксиданттар); Е 400 - Е 499 - стабилизаторлор; Е 500 - Е 599 - кычкылдаткыч регуляторлору, көбүртүүлөр; Е 600 - Е 699 - даамын жана жытын күчөткүчтөр; Е 700 - Е 800 - мүмкүн болгон башка маалымат үчүн запастык индекстер; Е 900 жана андан ары - антифламинги, таттуулагычтар, көбүккө каршы заттар; Е 1000 жана андан ары - глазурлоочу агенттер, канты жана тузду томолоктошуп калуудан сактоочу кошумчалар, ошондой эле унду, крахмалды иштетүүчү кошумчалар ж.б.
11. Жыпар-жыт берүүчүлөр үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт: "накта", "нактага тете" же "жасалма".
12. Адамдын организмин кубаттандыруучу, гормон сымал жана ткандарды өстүрүүчү биологиялык активдүү кошулмалар, бул кошулмаларды камтуучу тамак-аш азыктары, ошондой эле аларга мүнөздүү эмес белоктук табиятынын компоненттерин кошуу менен салттуу эмес курамдагы тамак-аш азыктары жана алардын кошулмалары жөнүндө маалымат оорунун айрым түрлөрүнө колдонгондо терс көрсөткүчтөрү жөнүндө билдирүүнү камтууга тийиш.
13. Оорунун айрым түрлөрүнө колдонгондо терс көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат ар бир таңгакчага тиркелген каттама-баракчада, этикеткада, контрэтикеткада, ярлыкта, этикеткага чапталуучу маркалоодо жазылып, керектөөчүгө билдирилет.
14. Атайын азыктандыруучу касиеттер, азыктын дарылоо, диетикалык же профилактикалык багыты, анда биологиялык активдүү заттардын болушу, зыяндуу заттардын жоктугу же ошол сыяктуу башкалар жөнүндө мүнөздөмөлөр тууралуу маалымат ал тастыкталганда гана этикеткага түшүрүлөт.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203894/st-8" title="8-берене - Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>