9-берене. Тамак-аш азыгын маркалоодо көрсөтүлүүчү азыктык
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
баалуулук
1. Тамак-аштын азыктык баалуулугу тууралуу маалымат төмөнкү көрсөткүчтөрдү камтыйт:
1) энергетикалык баалуулугу (калориясы);
2) белоктордун, майлардын жана углеводдордун саны;
3) минералдык заттардын жана витаминдердин саны.
2. Чайдын, кофенин, уксустун, минералдык суунун, татымалдардын, аштык туздун, сагыздын, тамак-аш кошумчаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн, чийки тамак-аш азыктарынын түрүнө (малдын эттери жана куштун эттери, балыктар, жашылчалар, мөмө жана жер жемиштер, козу карындар ж.б.) азыктык баалуулугу тууралуу маалыматтын белгиленилишинин, эгерде тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнө техникалык регламенттерде башкалар белгиленбесе, кажети жок.
3. Тамак-аш азыктарынын азыктык баалуулугу 100 грамм, же 100 миллилитр өлчөмүндө жана (же) маркалоодо тамак-аш азыгы бир порция (мындан ары - бир порция) катары көрсөтүлгөн тамак-аш азыгынын тийиштүү саны милдеттүү түрдө ошол порциянын көлөмүндө көрсөтүлүүгө тийиш.
4. Азыктык заттарды камтуунун маалыматтык (эсептик) көрсөткүчтөрү азыктын 100 грамм, же 100 миллилитр, же 100 куб. сантиметр жей турган бөлүгүндөгү кычкылтектердин, белоктордун, май, макро- жана микроэлементтердин, ал эми азыктын калориялуулук/кубаттуулук баалуулугу - 100 грамм, же 100 миллилитр, же 100 куб. сантиметр менен эсептегенде килокалорияларда жана/же килоджоульда масса катары көрсөтүлөт.
5. Эгерде алардын мааниси 100 грамм, миллилитр, куб. сантиметр тамак-аш азыктарында сунушталган суткалык керектөөнүн кеминде 2ден кем эмес пайызын, ал эми минералдык заттар менен витаминдер кеминде 5тен кем эмес пайызын түзсө, белокторду, майды, углеводду жана энергетикалык кубаттуулукту (калориялуулукту) камтышы жөнүндө маалымат келтирилет.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203894/st-9" title="9-берене - Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>