7-берене. Тамак-аш азыгын маркалоодо көрсөтүлүүчү неттонун массасы
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
же көлөмү
1. Бөлүштүрүлгөн суюк тамак-аш азыктары үчүн көлөм, башка азыктар үчүн нетто көрсөтүлөт.
2. Азыктын нетто массасы грамм же килограмм менен, көлөмү - литр же миллилитр, куб. сантиметр же дециметр менен көрсөтүлөт.
3. Негизги компоненти суюктуктан турган азыктар үчүн (шире, тузлук, маринад, рассол, жашылча-жемиш ширеси, бульон ж.б.) жалпы номиналдык массасы менен катар негизги компоненттин номиналдык нетто массасы көрсөтүлүүгө тийиш.
4. Сактоодо нетто массасы же көлөмү азайып (кургап) кетүүчү таңгакталган (оролгон) тамак-аш азыктары үчүн нетто массасы же көлөмү азыктын касиетине жараша жол берилүүчү четтөө тууралуу белги менен кошо көрсөтүлөт.
5. Бирден же "таразалап" сатылуучу таңгакталган (оролгон) тамак-аш азыктары үчүн нетто массасы же көлөмү көрсөтүлбөйт.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203894/st-7" title="7-берене - Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>