1-берене
Күчүндө · 24.04.2013 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 199-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "ишкердиктин" деген сөз "соода ишинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат: соода иши (соода) - товарларды сатып алууга жана сатууга байланышкан ишкердик иштин түрү; товар - сатуу же алмаштыруу үчүн арналган жүгүртүүдөн алып салынбаган эмгектин кандай болбосун продуктусу; соода ишинин субъекттери - белгиленген тартипте катталган жана өз ишин соода чөйрөсүндө жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле эгерде соода чөйрөсүндө ишкердик иш жүргүзүү алардын уставында бекитилсе коммерциялык эмес уюмдар; соода объекти (соода ишканасы) - соода чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн соода ишинин субъекттери тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс, ошондой эле башка мүлк; ички соода (ички соода иши) - Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода иши; социалдык мааниге ээ соода иши - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган соода ишинин түрү; социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары - тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, калктын биринчи даражадагы керектөөлөрүн канааттандыруучу үчүн тамак-аштын базалык продуктулары.".
3. 4-статьяда:
1-пунктундагы "сапаттуу" деген сөздөн кийин ", коопсуз" деген сөз менен толукталсын; 3-пунктундагы "соода уюмдарынын" деген сөздөр "соода ишинин субъекттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6-статьяда:
1-пунктундагы "теңдештигин" деген сөздөн кийин "жана атаандаштыгын өнүктүрүүнү" деген сөздөр менен толукталсын; 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6) ошол региондун аймагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган чектерде жана тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү.".
5. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык соода ишин уюштурууга жана жүзөгө ашырууга карата атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо максатында талаптарды белгилөө;".
6. 8-статьянын экинчи-бешинчи жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 9-статьянын биринчи абзацындагы "жайларды" жана "ээлегендик үчүн" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "соода ишинин субъекттерин" жана "жана соода объекттерин" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 11-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Социалдык мааниге ээ соода иши жана жарандардын айрым категорияларын коргоо"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "- жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын тизмеги жана аларга бааны жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
9. 12-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 24.04.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Баа түзүү жөнүндөЗакон · 11.04.2023 · № 87
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөЗакон · 20.03.2002 · № 40
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203865/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>