9-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын укуктары
Күчүн жоготкон · 28.07.2017 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 162.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 апреля 2015 года № 73
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган (баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы) өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган жарандардан жана кызмат адамдарынан укук бузууларды же аракеттерди токтотууну талап кылууга; мыйзамдуу талаптарды аткарбаган учурда мыйзамда каралган мажбурлоо чараларын колдонууга;
2) эгерде жарандарды укук бузуу жана кылмыш жасоо жагынан шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо, алардын инсандыгын ырастаган документтерди, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн эрежелерди сактоону контролдоого керек болгон дагы башка документтерди текшерүүгө;
3) тергөөсү баңги заттарды контролдоо боюнча органга таандык кылмыштарды жасоодон шек туудургандарды жана айыпталуучуларды мыйзамда белгиленген тартипте кармоого жана камакка алууга;
4) кылмыш жасоого шек туудуруу боюнча кармалган адамдарды же кылмыш жасады деп камакка алынган айыпталуучуларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте каттоого, врачтык кароого, күбөлөндүрүүгө, экспертизага, дактилоскопиялоого, эсте тутуп калууга, биологиялык таандыгына карата (кандын, адамдын денесинен бөлүнүп чыккан нерселердин) үлгүлөрүн алууга;
5) укук бузган адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды колдонгонун текшерүүгө, же болбосо аларды текшерүүдөн өткөрүүгө медициналык мекемелерге жиберүүгө же жеткирүүгө;
6) анын өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча кызмат адамдарын жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте чакырып алууга, алардан түшүнүктөрдү, маалымкаттарды, документтерди алууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга, жеке адамдарды мажбурлап алдырып келүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бажы органдары менен эриш-аркак кол жүктөрүн, багажды жана автомобиль, темир жол жана аба транспортторунун жүргүнчүлөрүн кароону жүзөгө ашырууга;
7-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, эгерде укук бузууларды же кылмыштарды жасады деп шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, жарандардын жеке өздөрүн, алардын буюмдарын кол жүктөрүн, багажын, автомототранспорт каражаттарын текшерүүнү, протоколдорду түзүүнү, буюмдарды, каражаттарды, заттарын жана документтерин алып коюуну жүзөгө ашырууга;
8) баш ийүү жана менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер болгондо, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймактарына жана имараттарына (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан тышкары), ошондой эле жеке адамдар жекече жана эмгектенүү үчүн пайдалануучу жайларга кирүүгө; менчик ээсинин, же болбосо анын өкүлү же анын ыйгарым укуктуу адамынын катышуусу менен өндүрүш, кампа, соода, кызматтык бөлмөлөрдү, транспорт каражаттарын, товарларды жана мүлктү сактоочу жана пайдалануучу башка жерлерин кароону жүргүзүүгө; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен, ошондой эле жарандардан өз компетенциясынын чектеринде зарыл маалыматты, билдирмелерди, документтерди, жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү алууга;
9) ыкчам издөө иш-чараларын жана тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү максатында айрым участкаларга, объекттерге жана аймактарга кирүүнү чектөөгө же убактылуу тыюу салууга;
10) баңги заттарды камтыган жапайы өсүмдүктөрдүн жапырт өскөн жерлеринде иш-чараларды өткөрүүдө башка мамлекеттик органдар менен бирдикте убактылуу контролдоо-өткөрмө пункттарды орнотууга;
11) окуялар жана өзгөчө кырдаалдар болгон жерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өтүү, медициналык шашылыш жардамга муктаж болгон жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш жасаган адамдардын артынан түшүү жана аларды укук коргоо органдарына жеткирүү үчүн, ошондой эле кийинкиге калтырууга болбогон дагы башка учурларда транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана атайын арналыштагы транспорт каражаттарынан тышкары) тоскоолдуксуз пайдаланууга;
12) юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон байланыш каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык максаттарда пайдаланууга;
13) мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле уюмдардан алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтык жана башка материалдарды суроого жана алууга;
14) баңги каражаттары, психотроптук заттар жөнүндө жана алардын прекурсорлору тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазма буйруктарды жана корутундуларды берүүгө;
15) баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерди түзүүгө;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволук актыларды чыгарууга;
17) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте эксперттик, окуу, илимий жана ыкчам издөө иштеринде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду пайдаланууга;
18) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүүгө;
19) белгиленген иш чөйрөсүндө координациялык, консультативдик, эксперттик жана кеңешмелик, анын ичинде ведомстволор аралык органдарды (кеңештерди, комиссияларды) түзүүгө;
20) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын жана кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн турак жайларды жана жатаканаларды ижарага алууга;
21) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте баңги заттарды контролдоо боюнча органдын расмий өкүлдөрүн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга жиберүүгө.
Эскертүү. Ушул берененин 7-1-пунктунда көрсөтүлгөн жетиштүү негиздер деп изин суутпай издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууда жарандан, анын буюмдарынан же болбосо автомототранспорт каражатынан табылган баңги каражаттары, психотроптук заттар, жана/же мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынган башка буюмдар, заттар же каражаттар (уруксат берүүчү документтери жок болгон учурда) жөнүндө баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине белгилүү болгон маалыматтардын бар экендиги түшүнүлөт. (КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 апреля 2015 года № 73 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
08.04.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…темир жол жана аба транспортторунун жүргүнчүлөрүн кароону кошулду: жүзөгө ашырууга;
7-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, эгерде укук бузууларды же кылмыштарды жасады деп шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, жарандардын жеке өздөрүн, алардын буюмдарын кол жүктөрүн, багажын, автомототранспорт каражаттарын текшерүүнү, протоколдорду түзүүнү, буюмдарды, каражаттарды, заттарын жана документтерин алып коюуну жүзөгө ашырууга;
8) баш ийүү жана менчигинин түрүнө карабастан, … мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн турак жайларды жана жатаканаларды ижарага алынып салынды: алууга.кошулду: алууга;
21) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте баңги заттарды контролдоо боюнча органдын расмий өкүлдөрүн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга жиберүүгө.
Эскертүү. Ушул берененин 7-1-пунктунда көрсөтүлгөн жетиштүү негиздер деп изин суутпай издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууда жарандан, анын буюмдарынан же болбосо автомототранспорт каражатынан табылган баңги каражаттары, психотроптук заттар, жана/же мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынган башка буюмдар, заттар же каражаттар (уруксат берүүчү документтери жок болгон учурда) жөнүндө баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине белгилүү болгон маалыматтардын бар экендиги түшүнүлөт.
(КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203846/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>