8-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын функциялары
Күчүн жоготкон · 28.07.2017 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 162.
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык өзүнүн компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөрдү:
1) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын эриш-аркак иштешин камсыз кылат;
2) баңгиликтин алдын алуу, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүн контролдоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жаатындагы максаттуу программаларды иштеп чыгууну уюштурат жана жүзөгө ашырат, бул программаларды ишке ашырууга катышат;
3) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу боюнча ишти уюштурат;
4) баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт жана белгиленген иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого катышат;
5) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө өбөлгө түзгөн шарттарды табат жана өз компетенциясынын чектеринде аларды жоюуга багытталган чараларды уюштурат;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам издөө ишин жүзөгө ашырат;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыштарды жасаганга айыпталган, тергөө органдарынан же соттон жашырынып жүргөн же болбосо жүргөн жери белгисиз адамдарды издөөнү уюштурат жана жүзөгө ашырат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыш иштери боюнча алгачкы текшерүүнү жана тергөөнү жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырат;
10) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин Мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнүн субъекттерин контролдоону жүзөгө ашырат;
12) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнүн мониторингин, алардын кыймылы боюнча БУУнун Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетинин алдында дайыма отчет берүүнү жүзөгө ашырат;
13) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун, аларды мыйзамсыз жүгүртүү администрациялык же жазык жоопкерчилигине алып келген баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун критерийлеринин жана өлчөмдөрүнүн улуттук тизмелерин иштеп чыгууну жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө жиберүүнү жүзөгө ашырат;
14) Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жеке адамдарга берүүнүн тартибин макулдашууну жүзөгө ашырат;
15) Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга керектөөлөрдү макулдашууну жана баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга тиешелүү квоталарды алуу үчүн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана БУУнун Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетине берүүнү жүзөгө ашырат;
16) конфискацияланган же мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун, ошондой эле атайын контролдо турган жана баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү жана даярдоо үчүн пайдаланылуучу аспаптардын жана жабдыктардын сакталышын, ташып жеткирилишин жана жок кылынышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат;
17) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, ошондой эле атайын контролдо турган баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү жана даярдоо үчүн пайдаланылуучу аспаптарды жана жабдыктарды жок кылуу тартибинин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыштарды жасоонун натыйжасында алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) өз компетенциясынын чектеринде каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
19) баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү жана даярдоо үчүн колдонулган жана атайын контролдогу убактылуу пайдаланылбаган аспаптарды жана жабдыктарды убактылуу сактоонун тартибин макулдашат;
20) өз компетенциясынын чектеринде баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз керектөө жаатындагы иштердин абалы, ошондой эле мындай каражаттардын, заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшү жөнүндөгү маалыматты алат, иштеп чыгат жана талдайт;
21) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүнө тиешелүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматтардын бирдиктүү банкын жүргүзөт;
22) белгиленген иш чөйрөсүндө маалымат тутумдарын жана маалымат базаларын түзөт жана пайдаланат, криминалисттик эсепке алууну жүргүзөт, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарды маалымдама-маалыматтык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
23) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тутумунда иш кагаздарын уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды колдонуудагы стандарттарга ылайык белгилейт, оперативдик, тергөө, архивдик жана башка материалдарды сактоону жана пайдаланууну уюштурат, ошондой эле оперативдик каттоо иштеринин тизмегин, алардын жүргүзүү тартибин аныктайт;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
25) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттерди жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
26) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтөт;
27) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жеке коопсуздугун камсыз кылат;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын, баңги заттарды контролдоо боюнча органга көмөк көрсөткөн адамдардын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүнүн катышуучуларын, алардын жакын адамдарын өмүрүнө, ден соолугуна, аброюна жана ар намысына кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылат;
29) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоону камсыз кылуу, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз керектөөгө, ошондой эле мындай каражаттардын, заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча илимий иликтөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт;
30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш иштери боюнча криминалисттик жана башка экспертизаларды, ревизияларды, текшерүүнүн материалдары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт, тергөө аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды аткарууга катыштыруу үчүн адистерди тартат;
31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын техникалык каражаттарды сатып алат жана пайдаланат;
32) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте курал-жарактарды, аларга ок-дарыларды, атайын каражаттарды, атайын техниканы, байланыш жана коргонуу каражаттарын, көмөкчү жабдыктарды жана аппаратураларды, материалдык-техникалык жана транспорт каражаттарын сатып алат, аларды топтоону, сактоону жана оңдоону жүзөгө ашырат;
33) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тутумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык курал-жарактарды жана ок-дарыларды жүгүртүү эрежелерин сактоо боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
34) баңги заттарды контролдоо боюнча органда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шифрлөө иштерин уюштурат жана жүзөгө ашырат;
35) мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды түзүүчү маалыматтарды, анын ичинде баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын жана кызматкерлерин көрсөтүлгөн маалыматтарга жетүүлөрүнө, ошондой эле баңги заттарды контролдоо органына жарандарды кызматка алууга байланышкан маалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
36) баңги заттарды контролдоо боюнча органды кадрдык камсыз кылууну жүзөгө ашырат, кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
37) баңги заттарды контролдоо боюнча органда мобилизациялык даярдоону уюштурат жана мобилизациялык даярдыкты камсыз кылат;
38) өз компетенциясынын чектеринде өзгөчө жана аскердик кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
39) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара эриш-аркак баңги заттарды контролдоо боюнча органдын запаста жүргөн кызматчыларынын атайын каттоосун уюштурат жана жүзөгө ашырат;
40) жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурат;
41) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишин материалдык-техникалык жана каржылык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
42) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын жана кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
43) баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөгөн адамдарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыз кылуу жаатындагы иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте уюштурат жана жүзөгө ашырат;
44) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын жана кызматкерлерин, пенсия алуу укугу менен кызматтан бошогон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле кызматкерлерди алар баңги заттарды контролдоо боюнча органда иштеп турган мезгилде медициналык жана курорттук-санаториялык тейлөөнү, дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууну уюштурат;
45) баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштейт, редакциялык-басма иштерин уюштурат;
46) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча жарандарды кабыл алууну жүзөгө ашырат, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
47) баңги заттарды контролдоо боюнча органда тарбия иштерин жана кызматтык ишти моралдык-психологиялык камсыз кылууну пландаштырат, уюштурат жана контролдойт.
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203846/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>