3-берене. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо
Күчүн жоготкон · 28.07.2017 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 162.
кепилдиги
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде адамдын жана жарандын укуктарын сыйлоо принциптерине таянат жана жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандуулугуна, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан аларды коргоону жүзөгө ашырат.
2. Өзгөчө учурларда, кылмыштарга бөгөт коюу жана ачуу максаттарында жарандардын айрым укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана чектерде убактылуу чектелиши мүмкүн.
Жарандар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынан алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелишинин жүйөсү боюнча түшүндүрүүлөрдү алууга укуктуу. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын аракеттери менен алардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары кемсинтилди деп эсептеген жарандар бул аракеттерди баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203846/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>